www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Орусия жетектеген БРИКСке Аргентина катышпайт

БРИКСтин төрагасы быйыл Орусия эсептелет. Мисир, Иран, Бириккен Араб Эмирликтери, Сауд Арабиясы жана Эфиопия BRICS уюмуна мүчө болду. Аргентина Батыш экономикасынан тышкаркы бир нече ири мамлекетти бириктирген BRICS уюмуна мүчө болуудан баш тартты. Өлкөнүн жакында шайланган президенти Хавьер Милей бул тууралуу аталган уюмга мүчө өлкөлөрдү кабардар кылганын жергиликтүү жалпыга маалымдоо каражаттары жазышты.

Милей бул уюмга кошулуудан экономикалык пайда же кандайдыр бир артыкчылык көрбөй турганын, уюмга мүчө болгон башка өлкөлөр менен эч кандай ортомчулуксуз, ар бири менен өзүнчө түз кызматташууга, экономикалык алаканы өнүктүрүүгө даяр экенин айтты.

Президенттикке ат салышып жаткан учурда эле өзүн BRICS уюмуна мүчөлүккө каршы талапкер катары көрсөтө алган Милей АКШ менен кызматташтыкты күчөтүү керектигин, зарыл болсо улуттук валюта песодон америкалык долларга өтсө болорун билдирип келген.

Аталган уюмга Бразилия, Орусия, Индия, Кытай жана Түштүк Африка мүчө. Быйыл августта өткөн соңку саммитинде альянс жаңы мүчөлөрдү кабыл алуу планын жарыялаган. Уюмга мүчө болуу сунушун Аргентинадан тышкары Мисир, Иран, Бириккен Араб Эмирликтери, Сауд Арабиясы жана Эфиопия алышкан. Сунуштан 2024-жылдын 1-январына чейин расмий түрдө баш тартпаса алар автоматтык түрдө мүчө болду деп эсептелишет.

Талдоочулардын пикиринде, Аргентинанын Орусия жана Кытай кошулган экономикалык клубга кирүүдөн карманган, Батышка ыктаган жаңы лидери BRICS уюмуна Иран да мүчө болот деген келечекке кескин каршы болгондуктан ушундай кадамга барды.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

 

Последние новости