www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Түрк лидери телефон аркылуу сүйлөшүүсүндө АКШнын президенти Джо Байденди F-16 сатууга позитивдүү деп ишендирүүгө аракет кылган. Түркия бир нече жыл мурун АКШдан 40 F-16 Block 70 согуштук учагын жана 80 Block 70 жаңыртуу комплекттерин сураган. АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен Конгресстин кээ бир мүчөлөрү мындай камсыздоо Анкара үчүн Швецияны НАТОго кабыл алуу үчүн зарыл кадамдардын бири деп эсептей турганын айтты. Ноябрдын башында Түркиянын АКШдан F-16 согуштук учактарын сатып алуусу боюнча техникалык деңгээлдеги сүйлөшүүлөр аяктап, Анкара бул маселени оң жагына чечүүгө үмүттөнөрү кабарланган.

Швециянын биримдикке кирүү протоколдорун Венгрия менен Түркия гана ратификациялай элек. Королдуктун НАТОго кайрылуусун жактыруу үчүн Түркия өлкө бийлигинен жаңыланган антитеррордук мыйзамды ишке ашырууну, атап айтканда, Анкара тарабынан террордук уюм деп жарыяланган Күрдистан жумушчу партиясы менен күрөшүүнү талап кылууда.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости