www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Трампты тырактата баштаган АКШ штаттары

АКШда дагы бир штат мурдагы президент Дональд Трампка президенттикке талапкерлигин коюуга тыюу салды. Мэн штатынын мамлекеттик катчысы Шенна Беллоуз ага бул штаттын аймагында баштапкы шайлоого (праймериз) катышууга тыюу салган чечим чыгарды. Ал да өз чечимин АКШнын Конституциясындагы козголоң тууралуу беренеге негиздеп чыгарганы маалымдалды.

Ошентип, Мэн Трампты президенттик шайлоонун бюллетенине кошууга расмий түрдө тыюу салган экинчи штат болуп калды. Буга чейин ушундай эле чечим Колорадо штатында чыккан. Баш мыйзамдын талабына таянып өткөн аптада Колорадонун Жогорку соту Трампка шайлоого катышууга укук бербей турган чечим чыгарган.

Ал эми Мичигандын Жогорку соту Трамптын президенттик шайлоого катышуусуна уруксат берген чечимди күчүндө калтырган. Аталган сот Трампты 2021-жылдын 6-январындагы Капитолийдеги окуяга байланыштуу шайлоодон четтетүүнү талап кылган шайлоочулардын апелляциялык арызын кароодон баш тарткан. Соттун мындай токтому ага талапкерлигин коюуга мүмкүнчүлүк берет.

Арыз менен кайрылган жарандар Конституциядагы «буга чейин АКШга ант берген жаран козголоңго же көтөрүлүшкө катышкан болсо мамлекеттик кызматты ээлөөгө акысы жок» деген мазмундагы нормасын жүйө келтиришкен.

АКШнын 45-президенти, бул өлкөнү 2017-2021-жылдары башкарган республикачы, 77 жаштагы Трамптын тарапташтары 2021-жылдын 6-январында конгрессмендер отурган имаратка кирип барышкан.

2024-жылы өтө турган президенттик шайлоого талапкерлигин коюуга ниеттенип жүргөн Трампка каршы төрт кылмыш иши козголгон. Ал өзү булардын бирин да мойнуна алган эмес.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости