www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Орусия өзөктүк курал колдонобу? Песковдун жообу

Өлкө коопсуздугуна олуттуу коркунуч жаралса, Орусия өзөктүк курал колдонушу ыктымал. Бул тууралуу РФ президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков CNN телеканалынын эфиринде айткан. «Бизде улуттук коопсуздук боюнча концепция бар. Ал баарына жеткиликтүү. Өзөктүк курал кайсы учурда колдонула турганын ошол жактан окуп алсаңар болот. Башкача айтканда, кокус өлкөнүн коопсуздугуна олуттуу коркунуч жаралса, анда курал концепцияга ылайык пайдаланылышы мүмкүн», — деген ал. Кремль өкүлүнүн айтымында, башка себептер текстте көрсөтүлгөн эмес.

РИА Новости билдиргендей, буга чейин ТИМ башчысынын орун басары Сергей Рябков Москва өзөктүк курал маселесине аскердик концепциянын жобосуна ылайык, өтө жоопкерчиликтүү мамиле жасаарын маалымдаган.

Дипломат Орусия бир нече убакыт мурда башка ири державалар менен болгон диалогдо «өзөктүк согушта жеңүүчү болбойт жана ал эч качан башталбашы керек» деген базалык принципти кайрадан тастыктаганын эскерткен. Январдын башында Орусия, АКШ, Кытай, Улуу Британия жана Франция өзөктүк согуштун алдын алуу жана куралдануу жарышына жол бербөө боюнча айткан. ТИМдин расмий өкүлү Мария Захарова белгилегендей, документ Орусиянын демилгеси менендаярдалган.

Белгилей кетсек, Песков буга чейин Владимир Путин башкы командачы катары мамлекет жарандарынын коопсуздугун жетиштүү деңгээлде камсыз кылуу үчүн чара көрүп жатканын айткан.

Эске салсак, Орусия Украинага каршы согушту 24-февралда баштаган. Путин анын максаты «сегиз жылдан бери Киев режиминин басмырлоосуна, геноцидине кабылып келгендерди коргоо» жана бул үчүн «Украинаны демилитаризация жана денацификация» жасап жана Донбасстагы «жай жашоочулардын канына забын болгондорду» аскер сотуна берип, жоопкерчиликке тартуу пландалып жатат, деп айткан.

Орусия - анын куралдуу күчтөрү аскерий соккуларды Украинанын аскердик инфраструктурасы менен күч түзүмдөрүнө уруп жаткандыгын, жай жарандарга багытталбагандыгын билдирет. Орусиянын колдоосу менен ДЭР жана ЛЭР топтору да өз аракеттерин улантууда. Путин - Украинаны оккупациялоо туурасында кеп жок экенин айтат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости