www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстанда жыл сайын кургак учуктун 5 миң 600дөн ашуун учуру катталат. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти. Окумуштуулардын маалыматы боюнча, кургак учук сыяктуу аба аркылуу жугуучу респиратордук инфекциялардан жабыркаган адамдарда COVID-19 оор өтүү ыктымалдыгы жогору.

“COVID-19 менен күрөшүү үчүн кургак учукка чалдыккандар коронавирус инфекциясына каршы эмдөө алуулары зарыл. Бул үчүн жашаган жери боюнча үй-бүлөлүк медицина борборлоруна кайрылуу кажет”, - деп айтылат маалыматта.

Эмдөө алууга болбогон учурлар:

- курч респиратордук ооруларга кабылганда;

- вакцинанын компоненттерине аллергия болсо;

- өнөкөт оорулар күчөп жатканда;

- сезгенүү процесстери жана интоксикация белгилери айкын кургак учуктун активдүү фазасында.

Эгерде сизде жогоруда аталган каршы көрсөтмөлөр болсо, анда дарыланып, андан соң эмдөөдөн өтүү сунушталат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости