www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Франциянын президенти Эммануэл Макрон Орусиянын башчысы Владимир Путинге 22-мартта телефон чалып, кайрадан Украина маселесин талкуулады. Ушуну менен Орусия Украинага басып киргенден бери эки президент сегизинчи жолу сүйлөштү.

Франция тарап атышууну токтотуу тууралуу орус президенти менен да, Украинанын башчысы Владимир Зеленский менен да узак сүйлөшүүлөр уланып жатканын, азырынча эч кандай макулдашуу жоктугун, бирок согушту токтотуу үчүн аракеттер улана берээрин, андан башка жол жок экенин билдирди.

Кремль - Украина боюнча орус жана украин өкүлдөрүнүн сүйлөшүүлөрүнүн жүрүшү тууралуу пикир алмашуу уланып жатканын маалымдады.

Эске салсак, Орусия Украинага каршы согушту 24-февралда баштаган. Путин анын максаты «сегиз жылдан бери Киев режиминин басмырлоосуна, геноцидине кабылып келгендерди коргоо» жана бул үчүн «Украинаны демилитаризация жана денацификация» жасап жана Донбасстагы «жай жашоочулардын канына забын болгондорду» аскер сотуна берип, жоопкерчиликке тартуу пландалып жатат, деп айткан.

Орусия - анын куралдуу күчтөрү аскерий соккуларды Украинанын аскердик инфраструктурасы менен күч түзүмдөрүнө уруп жаткандыгын, жай жарандарга багытталбагандыгын билдирет. Орусиянын колдоосу менен ДЭР жана ЛЭР топтору да өз аракеттерин улантууда. Путин - Украинаны оккупациялоо туурасында кеп жок экенин айтат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости