www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Польша саясатчылары - Батыш Украина элдик республикасын «ЗУНР» түзүп, Польшага конфедерация аркылуу кошуу жөнүндө сөз кыла баштады. Эгер Батыш Украина элдик республикасы «ЗУНР» түзүлө турган болсо Чыгыш Украина да биригип Орусиянын курамына кошулуп калышы ыктымал. Мунун барын АКШ чечет, анткени Польшанын президенти Анджей Дуданы да, Украина президенти Зеленскийди да пульт менен Байден башкарат.
Польша Батыш Украинаны атам замандан берки, эзелки поляктардын жери деп талашып келатат. 1939-жылы Молотов-Риббентроп пактысынан кийин Польшаны Сталин менен Гитлер бөлүп алат. СССРге Батыш Украина тийген, ошондуктан алар баш ийбей Улуу Ата-Мекендин согушта Бандера деген «нацисттер» чыгышып СССРге каршы согушкан. Ал эми Чыгыш Украина Польшага каршы согушуп жүрүп гетман Богдан Хмельницкий 1654-жылы Переяслав Радасында Орусияга кошулабыз деп кат жөнөтөт. 1954-жылы Украинанын Орусияга кошулушунун 300 жылдыгына карата Украинада туулуп өскөн Никита Сергеевич Хрущев Крымды Украинага «подарить» этет. Ага чейин 1920-жылдын 23-мартында Эл комиссарынын төрагасы Владимир Ильич Ленин тарабынан Орус империясынын курамындагы Донбасс Украинага берилип Донецк губерниясы түзүлгөн. Негизи Чыгыш Украинада украиндер менен орустар тең чамалуу, бирок көпчүлүк иш-чара орус тилинде боло турган. 1991-жылдын декабрында Орусия президенти Ельцин, Украин президенти Кравчук жана Белорус спикери Шушкевич үчөө СССРди тараткандан кийин Украинада русофобдор көбөйөт. Акыры Орусияга жан тартып турган президент Януковичти жоготушуп 2014-жылы жазында бийликти батышчылдар алат. Крым Орусияга референдум аркылуу кошулат, Донецк жана Луганск өздөрүнчө республика түзүшкөн.
Украинаны экиге бөлүп, бир жагын Орусия, экинчи тарабын Польша алабы? Орусиянын Украина биротоло оккупация кылбайбыз дегенинин улам ушундай жыйынтыкка келсе болот. Орусия «ДНР» жана «ЛНР» менен тим калбайт болуш керек. Америкалык Politico гезити - АКШ президенти Жо Байдендин Европага жасаган сапары учурунда Евробиримдикте талкуулана турган негизги маселе орус мунай жана газына болгон көз карандылык болоорун ырастады. Жо Байден 24-мартта НАТОнун чукул саммитине катышуу үчүн Брюсселге барат, ал эми 25-мартта Польшага келип, эртеси президент Анджей Дуда менен жолугат. Басылма кырдаалдан кабардар булакка шилтеме жасап кабарлагандай, сапарда Байденди Мамлекеттик департаменттин энергетикалык коопсуздук боюнча кеңешчиси Амос Хокштейн, ошондой эле, АКШнын Мамлекеттик департаментинин энергетикалык ресурстар боюнча бюросунун мүчөлөрү коштоп барат.
Евробиримдиктин атын атагысы келбеген энергетика кызматкери гезитке билдиргендей, келээрки жылытуу мезгилинин алдында көбүрөөк газ сактоо жана анын көлөмүн калыбына келтирүү үчүн жетиштүү жаратылыш газын алуу учурда чоң маселе. Басылманын айтымында, Евробиримдиктин өкүлдөрү Байдендин администрациясы АКШдан энергия өндүрүүнү жана экспорттоону көбөйтүүнү талап кылышкан. Бирок, белгиленгендей, Вашингтондун колунан эч нерсе келбейт, анткени АКШ өкмөтү өлкөнүн мунай секторун көзөмөлдөбөйт. Байден Европага болгон сапарында өзү убада бере турган чоң чектөөлөргө чоң дуушар болот. Reuters оз маалымат булактарына таянып, Евробиримдик өлкөлөрү Орусияга каршы санкциялардын бешинчи пакетинин үстүндө иштеп жатканын, ошондой эле Москвага мунай эмбаргосун киргизүү мүмкүнчүлүгүн карап жатканын билдирүүдө.
Орусия Федерациясынын президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песков мындай эмбарго канчалык реалдуу жана Орусия бул жаатта кандай чараларды көрүүгө даяр деген суроого жооп берип жатып, буга чейин орус мунайына болгон эмбарго Европадагы энергетикалык баланс олуттуу начарлай турганын айткан. Ал эми америкалыктар «өз алдынча» кала турган болсо, мындай чечим баарына таасир этет.Бир катар Батыш өлкөлөрү Украинанын айынан Орусия Федерациясына каршы жаңы санкцияларды киргизди. Кремлде мурда айтылгандай, Батыштын санкциялары өтө олуттуу, Орусия аларга алдын ала даярданган, алар Орусия Федерациясынын кызыкчылыгына жооп берген жооп чараларын иштеп чыгуу үчүн ведомстволордун анализин жана координациясын талап кылат.
Кийинчерээк Орусиянын президенти Владимир Путин Орусияны ооздуктоо жана алсыздандыруу саясаты Батыш үчүн узак мөөнөттүү стратегия экенин, санкциялар бүткүл дүйнөлүк экономикага олуттуу сокку урганын билдирди.Анын айтымында, Батыштын негизги максаты – миллиондогон адамдардын жашоосун начарлатуу. Путин ошондой эле АКШ менен Евробиримдик Орусиянын алдындагы милдеттенмелерин иш жүзүндө аткарбай, анын валюта резервдерин тоңдурганын айтты. Ал кошумчалагандай, учурдагы окуялар саясатта да, экономикада да Батыштын глобалдык үстөмдүгүнүн чегинен чыгууда.
Орусия Украинага каршы согушту 24-февралда баштаган. Путин анын максаты «сегиз жылдан бери Киев режиминин басмырлоосуна, геноцидине кабылып келгендерди коргоо» жана бул үчүн «Украинаны демилитаризация жана денацификация» жасап жана Донбасстагы «жай жашоочулардын канына забын болгондорду» аскер сотуна берип, жоопкерчиликке тартуу пландалып жатат, деп айткан. Орусия - анын куралдуу күчтөрү аскерий соккуларды Украинанын аскердик инфраструктурасы менен күч түзүмдөрүнө уруп жаткандыгын, жай жарандарга багытталбагандыгын билдирет. Орусиянын колдоосу менен «ДНР» жана «ЛНР» топтору да өз аракеттерин улантууда. Путин - Украинаны оккупациялоо туурасында кеп жок экенин айтат.
Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg