www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Москванын Лефортово райондук соту орусиялык оппозициячы Алексей Навальныйды "Алдамчылык" жана "Сотту кемсинтүү" айыптары боюнча тогуз жылга эркинен ажыратты. Соттун көчмө жыйыны Навальный "Ив Роше" деп аталган иш боюнча жаза мөөнөтүн өтөп жаткан Покровск шаарындагы түзөтүү абагында өттү.

Сот Навальныйды Коррупцияга каршы күрөшүү фондуна түшкөн акчаны иштетүүдө алдамчылыкка барган, өзүнүн жеке иштерине колдонгон деп тапты. Мындан тышкары, ага мурдагы ишин караган сот Вера Акимованы кемсинткен деген кине тагылды. Навальный өзү жана анын санаалаштары бул айыптоолорду четке кагып, муну саясий куугунтук менен байланыштырышты.

Өкүмдү угузууга 100гө жакын журналист келди. Алар трансляция жүрүп жаткан залда отурушту. Отурумдун өзүнө кабарчылар киргизилген жок.

Мурдараак мамлекеттик айыптоо Навальныйды алдамчылык жана сотту мазактоо беренелери боюнча 13 жылга эркинен ажыратып, 1,2 миллион рубль айыпка жыгууну өтүнгөн. Жактоочулар аны актоону суранган.

Прокуратура Навальный негиздеген Коррупцияга каршы күрөш фондунун (Орусиянын бийлиги экстремисттик деп тааныган жана тыюу салган) банк эсептерине жана саясатчынын бир катар шериктеринин жеке эсептерине түшкөн коомдук кайрымдуулук каражаттарын акча чогултууну көздөгөн алдамчылык деп эсептейт. Ошол эле маалда Навальныйга жана анын фондуна кайрымдуулук кылган он миңдеген адамдын ичинен төртөө гана бул иште жабырлануучу катары таанылган.

Президент Владимир Путинди кескин сындап, орус бийлигинин коррупциялык аракеттерин ашкерелеп келген Навальный 2020-жылдын август айында ууландырылып, Германияга дарыланууга жеткирилген. Ал 2021-жылы январь айында Орусияга кайтып келгенде кармалып, жети жыл мурдагы "Ив Роше" ишине байланыштуу "шарттуу жазанын эрежелерин бузду" деп айыпталып, дээрлик үч жылга кесилген.

Былтыр сентябрда Навальныйга жана анын үзөңгүлөштөрүнө "экстремизмге" байланыштуу жаңы кылмыш иши козголгон. Навальный өзү жана анын санаалаштары айыпты саясий куугунтук деп эсептеп келишет.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости