www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

"Мемориал" укук коргоо борборунун 14 жылга соттолгон мурдагы мүчөсү Бахром Хамроев 23-январда Орусиянын Владимир шаарындагы №2 абакта катуу сабалган. Бул тууралуу "Медиазона" басылмасы анын аялы Зухра Хамроевага шилтеме кылып кабарлады.

Маалыматка караганда, Хамроева адвокат менен сүйлөшүп, күйөөсүнөн кат алган.

"Ал камактагы шарттарга, ошондой эле кызмат адамдарынын өзүнө жана башка соттолгондорго карата мамилесине байланыштуу беш доо арызын кабыл алууну талап кылды. Бахромду сабаган кызматкер алгач аны сөгүп-саккан. Хамроев камактагыларга мындай мамиле кылууга болбой турганын айтканда катуу сабалган. Аны бутка, чурайына, бөйрөгүнө тепкилешкен. Башка катуу сокку болгондо ал эс-учун жоготуп койгон", – деди Хамроева.

Камактагы мусулмандар Хамроевдин сабалганын уккандан кийин ага карата мындай мамилени токтотууну талап кылышкан. Бирок түрмө кызматкерлери алардын да бир нечесин да сабашкан.

Январдын аягында адвокат эки жолу Хамроев менен жолуга алган эмес. Зухра Хамроева түрмө кызматкерлери адвокат Бахромдун сабалгандан кийинки абалын көрбөсүн деп анын кирүүсүнө уруксат берген эмес деп эсептейт.

"Кийин адвокат бул жөнүндө билип калып, Тергөө комитетине кайрылган. Азыр тергөө иштери башталганы кабарланды. Бахромго буга чейин конфискацияланган Куран китебин жана дарыларын кайтарып беришти", – деди Хамроева.

Бахром Хамроев "Мемориал" укук коргоо борборунун мүчөсү гана эмес, мигранттарга укуктук жана социалдык жактан көмөк көрсөткөн "Жардам" фондун да жетектеген. Ал 2022-жылы февралда кармалып, "Терроризмге ачык чакырык жасоо" жана "Террордук уюмдун ишмердүүлүгүн уюштуруу" беренелери боюнча айыптар тагылган. Федералдык коопсуздук кызматынын (ФСБ) версиясына ылайык, Хамроев "терроризмди пропагандалап", социалдык түйүндөрдөгү баракчаларына Орусияда тыюу салынган "Хизб ут-Тахрир" ислам партиясынын ишмердүүлүгүнө байланыштуу материалдарды жарыялаган. 2023-жылы майда Хамроев 14 жылга соттолгон. Өкүмгө ылайык, ал жаза мөөнөтүнүн алгачкы үч жылын жалпы режимдеги, калганын катаал режимдеги түрмөдө өткөрүшү керек.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости