www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Акыркы жылы электрондук эсеп-фактураларды колдонгон ишкерлердин саны 65 миңге көбөйүп, учурда 94,3 миң субъектти түздү. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 2023-жылы ишкерлер жалпы суммасы 1,7 трлн сомго 19,6 млн электрондук эсеп-фактура жазып беришкен.

Жалпысынан ЭЭФ киргизилген учурдан – 2020-жылдын 1-июлунан тартып 5,1 трлн сомго 40,7 млн документ жазылып берилген.

Эскерте кетсек, 2020-жылдын 1-июлунан тартып электрондук эсеп-фактураны КНС төлөөчүлөр, товарларды импорттоочулар жана экспорттоочулар, 2022-жылдын 1-апрелинен тартып жылдык жүгүртүүсү 8 млн сомдон ашкан салык төлөөчүлөр жана 2023-жылдын 1-майынан тартып жеке ишкерлер милдеттүү түрдө колдонушууда.

ЭЭФтин иштөөсүнүн аркасында КНС боюнча түшүүлөр көбөйүп, система бизнести көмүскөдөн чыгаруунун натыйжалуу куралы болуп калды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости