www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Путин: Россия менен Украина акыры кепке келет

Владимир Путин америкалык белгилүү журналист Такер Карлсон менен кеңири маектешип, көп суроолоруна жооп берди. Анда атайын операциянын эмнеден башталганына, АКШ менен мамилеге, "Түндүк агымдагы" терактыга жана дагы бир катар маанилүү учурларга токтолгон. Башкысы, дүйнө үчүн маанилүү болуп турган Москва менен Киев кепке келип, сүйлөшөбү деген соболго жообун узатты.

Интервью эки саатка чукул болду. Россия лидери америкалык басылмалардын өкүлү менен 2021-жылдан бери маектеше элек болчу. Бул интервьюга дүйнөнүн чар тарабынан кызыгуу артып, X социалдык тармагында жарыялангандан кийин эки саатта көргөндөрдүн саны 25 миллиондон ашкан.

Биригүү болот

Маектешүү Украинадан башталды. Путин эртеби-кечпи Москва менен Киев сүйлөшүп, бир тууган эки элдин ымаласы жанданарына ишеним артты. "Биригүү болот", — деди Путин.

"Эртеби-кечпи мунаса келип, сүйлөшүп алабыз. Азыр кызыктай угулушу мүмкүн, бирок элдердин ортосундагы мамиле баары бир калыбына келет. Көп убакыт керек, бирок баары калыбына келет", — деди ал.

Президент согуш талаасындагы учурдан мисал келтирди. Украиналыктар "орустар колго түшүп бербейт"деп туткундалгандан баш тартып, курман болушкан. Путин алар "өздөрүн дагы деле орус деп сезишерин", "ушул тейден алып караганда бул жарандык согуштун белгилүү бир элементи" экенин айтты.

Ал эки эл эч жакка кетпестигине дагы бир ирет токтолгон.

"Батышта бардыгы бул согуш орус элин биринен экинчисин таптакыр бөлүп салды деп ойлошот. Жок. Баары бир биригет. Ымалага келүү эч жакка кетпейт", — деп сөзүн жыйынтыктаган Путин.

Денацификация жана кызыкчылыктарды коргоо

Путин ошондой эле Россия Украинадагы атайын операциянын максаттарынын бири деп жарыялаган "денацификацияны" түшүндүрдү. Муну менен нацисттик идеологияны сактап калууга аракет кылгандардан арылууга кадам ташталганын айтты. Ал Канада парламентинде нацистти кубаттап кол чабуу Гитлердин иши дагы деле сакталып калгандыгынан кабар берерин, андыктан бул кооптуу идеология түп-тамырынан бери жок болду деп айтууга болбостугун белгиледи.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости