www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Россиянын Юстиция министрлиги блогер Илья Варламов менен эл аралык укук коргоочу "Агора" уюмунун жетекчиси Павел Чиковду "чет элдик агент" деп жарыялады. Бул тууралуу Meduza басылмасы билдирди.

Варламов менен Чиков "мамлекеттик органдардын кабыл алган чечимдери жана алардын саясаты тууралуу такталбаган маалыматтарды" тараткан, деп айтылат Россиянын Юстиция министрлигинин сайтында.

Мындан тышкары, Варламов, Россия Федерациясынын Юстиция министрлигинин маалыматы боюнча, "чет элдик булактардан колдоо алган", ал эми Чиков "чет элдик агенттер" тарабынан материалдарды "түзүүгө жана жайылтууга катышкан".

Ошондой эле “чет элдик агенттердин” реестрине Светлана Лада-Рус (Пеунова), саясат таануучу Руслан Айсин, “Дождь” гезитинин мурдагы журналисти Богдан Бакалейко жана “Парни плюс/Парни+” квартиралар тууралуу ресурсу кирген.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости