www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Орусияда Instagram расмий түрдө жабылды

Орусиянын аймагында Instagram социалдык түйүнү жабылды. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

Чектөө 14-март түнү Москва убактысы боюнча саат 00:00дө киргизилген. Роскомнадзор сервисти чектөө процедурасын толугу менен аяктады.

Белгилей кетсек, буга чейин Meta Platforms Украинадагы абалга байланыштуу Facebook жана Instagram социалдык тармактарында россиялык аскерлерге карата зомбулук көрсөтүүгө чакырык таштоого убактылуу уруксат берген. Бул эреже Орусиянын жарандык коому үчүн жайылтылбай турганын компаниянын маалымат катчысы Энди Стоун билдирген.

Ал эми Компаниянын вице-президенти Ник Клегг Facebook менен Instagram соцтармактарындагы жаңы саясат Украинада гана колдонуларын белгилеген. Ошол эле учурда ал Meta өзүнүн платформаларында ашынган русофобияны жана россиялыктарды дискриминациялоону көтөрө албастыгын кошумчалаган.

Мындай билдирүүдөн кийин Орусиянын Башкы прокуратурасы соттон Meta компаниясын экстремисттик уюм катары таанууну, анын РФ аймагындагы ишмердүүлүгүнө тыюу салууну өтүнгөнүн кабарлаган.

Meta компаниясынын кызматкерлери Орусиянын жарандарын өлтүрүүгө, зордук-зомбулук көрсөтүүгө чакыргандыктан Орусиянын Тергөө комитети иш козгогону да айтылган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости