www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңештин депутаты Надира Нарматованын парламентте мечиттер тууралуу сүйлөгөн сөзү боюнча жарандык активист Шамурза Бөрүкулов өзүнүн жеке пикирин билдирди.

«Кудай сүйлөгөнгө бир кулач тил, бир аз талант берип койсо эле, оозго келгенди сүйлөй берген болбойт да, молдо болмоктон машаяк болуп кетсең да.

Молдо дешип койсо эле асмандагы Кудайга теңеп алышат экен, ошол молдонун айтканы айткан, дегени деген кылышып.

Молдолор деле биз сыяктуу адамдар да.

Туура,  арасында атайын медреселерден билим алышкан, Куранда эмнелер жазылганын толук түшүнгөн, баскан-турганы менен элге үлгү болгон, эч кимди: «жаназа окулбайт, тозокко түшөсүң» деген сыяктуу кыямат менен коркутпаган сонун аалымдар бар. Аларга деген урмат-сыйыбыз да бар.

Бирок, төмөндөгү ссылкада сүйлөп жаткан чаламолдо динбузар Шумкар Акматали уулунун сөздөрүн угуп олтуруп, бул молдочалыштын чыныгы бузуку жигит экенине көзүм жетти.

Болбосо, депутат Надира Нарматованын парламентте мечиттер тууралуу сүйлөгөн сөзүн бүткүл эл угушту. Нарматова «мечиттер жабылсын» деген сөздү бир да жолу айткан жок.

Бир айылда керектүүсүн алып калып, эгерде эл өзү чечсе, ашыкчасына керектүү  шарт түзүп берип,штаттык бирдиктерин ж.б. жоопкерчиликтерин чечип берип,мүмкүн болушунча пайдалансак деген гана мазмунду айтты. Мечиттер бош эле турат. Калгандарын бала бакчаларга берсек-деген туппатуура сөздү айтты. Сегиз эчкиге сексен теке дегендей, адам башына мечит куруштун эмне кереги бар? Наристелер биздин келечегибиз. Ошолорго жаштайынан кам көрөлү деди.

А бул молдо сөздү таптакыр бурмалап, Нарматова эжени элге жаман көрсөткүсү келип жатат. Чечиреп сүйлөгөндөн башка, өзү бир адамга жакшылык кылды бекен, ушул молдо? Надира эженин элге кылган кайрымдуулук иштеринен кабары жок окшойт? Кабары жок болсо, эң оболу кимге сүйлөп жатам деп сүрүштүрбөйбү? Нарматова ондон ашык мечиттерди курдурган аял. Өзүнүн оозунан деле алла түшпөйт.

Анын үстүнө, Нарматова шайлоочулардын сунушун наказ катары айтып, аткаруу бийлигине жеткирип олтурат. Ал анын депутаттык милдети. Ушундан жамандык издеп көбүртүштүн кимге кереги бар?

Мамлекеттин саясатына аралашканга ким  укук берди. Жаштарыңды кызматка койдуго Президент сөзүндө туруп. Чу дегенде коррупционер болуп колго түшүштү. Министр койсо эмптей алышпады. Кайсы аарыңа кыйкырып жатасың. Бул артын аарчый албаган чаламолдо динбузарга айтаарым, эң оболу, өзүнүн тарбиясын оңдоп алса жакшы болмок.

Жалгандарды сүйлөп оолугуп, өпкөсүн бир жолу колтугуна колтуктап алыптыр.

Улгайган аял, ЖКтин депутаты, а түгүл жашы боюнча апасындай болгон адамга жалаа жаап жаткан ушул молдого ишенип болобу?

Молдолордун кандайча  ыймандуу болуп кеткенин көрүп эле жүрөбүз. Максат муфтийинен баштап коррупцияга аралашкан деген сөздөр чыгып кетпедиби. Элди ыйманга чакырабыз дешип даабатка чыгышып, өздөрүн элдин үстүнөн тарбия саат өткөн мугалим кылып алышыптыр.

Ошондой эле ыйманчыл болуп кетишсе, күн аралата борбор шаардын как ортосуна чыгып жылаңачтанган, элди бузукулукка үндөгөн батышчылдарды, НПОлорду, Риталарды тарбияга чакырышпайбы? Топтолгон митингин кууп таркатышпайбы? Дал ошолор эл ичине ыймансыз жашоону киргизип жатышпайбы?

Арабдардын акчасын алышып, ошону актоо үчүн жалгандан эле өлкөнү кыдырышып, элди бир жактан ушул арабкулдар алдаса, экинчи жактан батыштын акчасына кыргыз элин сатып, чыныгы ыймансыздар күйдүрүштү. Ортодо светтик өлкөдө жашагысы келген биз окшогондорго эле кыйын болду», - деп белгилеген Бөрүкулов.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости