www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Санкт-Петербургда сот ооганстандык журналист Кобра Хассанини депортациялоо тууралуу чечимди жокко чыгарды. Бул тууралуу "Ротонда" басылмасы кабарлады.

Соттун чечиминде Хассанинин депортацияланышы анын укуктары менен эркиндигин чектей турганы жазылган.

13-февралда сот Хассанини Орусиянын чек арасынан мыйзамсыз өтүүгө күнөөлүү деп таап, эки жылга жатак абагына кескен. Бирок анын тергөө абагында камакта отурган күндөрү эске алынып, эркиндикке чыгарылган.

Кобра Хассани Ооганстандан 2021-жылы, бийликке талибдер келгенден кийин качып кеткен. Ал феминисттик көз караштары жана журналисттик ишмердүүлүгүнө байланыштуу куугунтукка кабылып же өлтүрүлүшү мүмкүн экенин айткан.

Хассани алгач Украинада жашап, бул өлкөдө согуш башталгандан кийин Европага жөнөтөбүз деген ортомчулар аркылуу Орусиянын аймагына мыйзамсыз өткөн. 2022-жылы майда ал Орусиядан кетүүгө аракет кылган Ооганстандын 12 жараны менен бирге Санкт-Петербургдагы портто кармалган.

Буга чейинки сотто Хассани Орусиядан башкалка берүүнү өтүнгөн. Бирок сот анын бул өтүнүчүн канааттандыруудан баш тартып, аны өлкөдөн чыгаруу чечимин кабыл алган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости