www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АКШ Конгрессинин Өкүлдөр палатасындагы Чалгын иштери боюнча комитеттин башчысы Майк Тёрнер президент Жо Байдендин администрациясын өлкөнүн коопсуздугуна олуттуу коркунуч бар экени жөнүндөгү маалыматты ачыктоого чакырды.

Анын айтымында, маалыматты ачыктоо - АКШ менен анын өнөктөштөрү ал коркунучка кандай реакция кылуу керектигин ачык талкуулашы үчүн керек.

Мунун алдында Тёрнер Конгресстин бардык мүчөлөрүнө кат жөнөтүп, Чалгын иштери боюнча комитетте аты аталбаган өлкөнүн "аскердик мүмкүнчүлүктөрдү туруксуздаштыруу ыктымалдыгы" тууралуу жашыруун маалымат бар экенин билдирген.

CNN телеканалы өз булактарына таянып, бул маалымат Орусияга байланыштуу болушу мүмкүн экенин кабарлады. Булактардын бири ал "өтө сезимтал маалымат" экенин айтып, ал жөнүндө жакында гана белгилүү болгонун жана ал чоң тынчсызданууну жаратып жатканын билдирди. Ошол эле маалда булак кеп кандай мүнөздөгү коркунуч жөнүндө болуп жатканын ачык айткан жок.

Politico басылмасынын журналисти Алекс Уорд Өкүлдөр палатасындагы Чалгын комитетинин үч мүчөсүнө шилтеме кылып, конгрессмендер бул маалыматка чынында эле тынчсызданып жатышканын, бирок кеп чукул кризис эмес, узак мөөнөттүү коркунуч жөнүндө болуп жатканын билдирди.

Тёрнердин билдирүүсүнө комментарий берген президенттин улуттук коопсуздук маселелери боюнча кеңешчиси Жейк Салливан 15-февралда ал улуттук коопсуздук үчүн жооп берген комитеттердин жетекчилери менен жолуга турганын билдирди. Бирок ал чет өлкөдөн АКШнын улуттук коопсуздугуна олутуу коркунуч бар экендиги тууралуу маалыматты ырастаган да, төгүндөгөн да жок.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости