www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жарандар мүлк салыгы боюнча маалыматтык эсептерди толтуруп, салык органына тапшыруусу керек. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматы эскертет.
Билдирүүгө ылайык, 1-апрелге чейин юридикалык жактар, 1-майга чейин жеке жактар маалыматтык эсептерди берүүгө тийиш.
Жарандар Salyk.kg сайтындагы “жеке кабинет” аркылуу электрондук түрдө же салык органына баруу менен кагаз түрүндө тапшырса болот. Ошондой эле тапшыргандыгы жөнүндө кабарлоо менен тапшырык кат аркылуу почта менен жөнөтүүгө болот.
Маалыматтык эсепти өз убагында бербегендиги үчүн жеке жактарга 1000 сом, юридикалык жактарга 5000 сом өлчөмүндө административдик айып салынат.
Кошумча маалыматты жергиликтүү салык органдарынан жана 116 номери аркылуу же салык кызматынын www.sti.gov.kg сайтынан алууга болот.
Булак: NazarNews.kg