www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Орусияда TikTok кызматынын иштөөсү чектелди

Netflix жана TikTok компаниялары Украинадагы согушту чагылдырууга байланыштуу орус бийлигинин чектөөлөрүнөн улам Орусиядагы кызматтарынын көбүн токтотту.

TikTok жаңы видеолорду жүктөө жана түз эфир өткөрүү мүмкүнчүлүгүн убактылуу токтотту. Компания бул чечим кызматкерлердин жана колдонуучулардын коопсуздугун сактоо жана Орусиядагы “жалган маалыматтар” жөнүндө жаңы эреженин талабын аткаруу максатында кабыл алынганын билдирди. Кыска видеолорду бөлүшүүгө мүмкүнчүлүк түзгөн бул тиркемеге кытайлык ByteDance технология компаниясы ээлик кылат.

Катталуучуларга кино, сериал, видео программаларды сунуштаган Netflix Орусиядагы ишмердигин токтотконун жарыялаганы менен анын чоо-жайын так билдирген жок. Буга чейин баш кеңсеси АКШда жайгашкан бул компания Орусиядан программаларды кабыл алууну убактылуу токтоткон болчу.

Орусиянын маалымат тармагын тескеген Роскомнадзор мекемеси 4-мартта Facebook жана Twitter социалдык түйүндөрүн чектеген. Андан бир күн мурда президент Владимир Путин Орусиянын куралдуу күчтөрү тууралуу “жалган маалыматтарды” тараткан адамдарды 15 жылга чейин эркинен ажыратууга мүмкүнчүлүк берген мыйзамга кол койгон.

Мындай талаптардан улам BBC, CNN, Bloomberg, CBS сыяктуу ири эл аралык медиа компания Орусиянын аймагында ишмердигин токтотууга аргасыз болду.

Орусия 24-февралда Украинага басып кирген. Андан бери Украинадагы согуштан жүздөгөн аскерлер жана жайкын тургундар мерт болду. Буга чейин орус бийлиги Украинадагы окуяларды “согуш” деп атоого тыюу салган болчу.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости