www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жаздын келиши менен 8-март Аялдардын эл аралык майрамы белгиленип, башка майрамды мынчалык күтпөсө да айымдар бул майрамды өзгөчө тосуп алууга аракет кылышат. Айрыкча кыштын узашы менен, күн жылып, жаздын келиши айымдар үчүн өзгөчө жеңилдик жаратып, айланада жаздын жылуулугу байкалат.

Аялдардын эл аралык күнү бүгүнкү күндө бүткүл дүйнөдө белгиленген майрам. Майрамды белгилөө алгач аялдардын укуктары үчүн күрөшүүдөн башталган. Учурда 8-март - дүйнөлүк коомчулукта аялзатынын жана жаз майрамы катары кабыл алынып, белгиленип келет. 

8-марттын тарыхына кайрылсак, Аялдар күнүн белгилөө жөрөлгөсү байыркы Римден бери келе жаткан салтка кирет. Байыркы Рим шаарында Аялдар күнү үй-бүлөлүү зайыптар күйөөлөрүнөн белек алып, алар көңүл борборуна айланып, тиричилик түйшүгүнөн аз да болсо узакташкан экен.Күндөр өтүп, жыл кылымга алмашып, акыры америкалык тикмечи айымдар теңчилик үчүн 1908-жылы 8-мартта Нью-Йорк шаарында митингге чыгышкан. Ошентип, аялдардын күнүн белгилөө алардын экономикалык жана коомдук абалын теңдөө күрөшүнө айланган. Бир жыл өтүп америкалык Социалисттик партия 1909-жылы февраль айынын акыркы дем алышын Аялдардын улуттук күнү деп жар салып, 1913-жылга чейин белгиленген. Ал эми 1910-жылы Копенгагенде өткөн социалист аялдардын Экинчи Эл аралык конференциясында АКШнын өкүлдөрү коммунист Клара Цеткин менен жолуккан.Дал ушул жыйында Клара Цеткин Аялдардын эл аралык күнүн бекитүү сунушун киргизген. Негизги максаты - бул күнү аялдар өздөрүнүн көйгөйлөрүнө коомчулуктун көңүлүн буруп, митинг жана жүрүштөрдү уюштуруу болгон. Биринчи жолу Айымдардын майрамы 1911-жылы 19-мартта Германия, Австрия, Дания жана Швейцарияда белгиленген. 1912-жылы бул күн ошол эле өлкөлөрдө 12-майда белгиленип келген. Кийин айымдардын майрамы 8-мартка жылдырылган. Учурда 8-март улуттук майрам катары белгиленип, дээрлик бардык өлкөлөрдө дем алыш күн.

Кыргызстанда Аялдардын эл аралык күнү 8-мартка чейин эки-үч күн мурда башталат. Өлкөнүн бардык аймактарында концерттер, флешмобдор жана ар кандай иш-чаралар өткөрүлөт. Бул күнү ар бир үйдө майрамдык маанай орун алып, мырзалар сүйүктүү айымдарын куттуктайт.

Ал эми айымдар майрамда кандай белек алууну самашарын көпчүлүк билсе да, айрымдары кымбат баалуу белектерди баса белгилешип келет. А чындыгында айымдардын көңүлүн алып, майрамдык маанай тартуулоо үчүн өтө баалуу белектин деле кереги жок. Жакшы сөз, жылуу маанай, үй оокатына жардамдашуу, биргеликте олтуруп жакшы максаттарды сүйлөшүү жетиштүү. Албетте, айымдар гүл сүйүүчүлөр. Эгер үй-бүлөлүү болсоңуз айымдар үчүн бөлмө гүлдөрүн белекке бергениңиз оң. Анткени бөлмө гүлдөрү ары пайдалуу, ары кожойкелерге жагымдуу белек. Эгер белек тартуулоого мүмкүнчүлүгүңүз жок болсо, анда жакшы маанай тартуулоого аракет кылыңыз, айымыңыздын башкалардан өзгөчөлүктөрүн айтыңыз, эркелетиңиз, мээрим бериңиз. Себеби, айымдар ар дайым жылуулукту, жылуу сөздү сүйгөн назик жандар.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости