www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Орусиядагы 194 кыргызстандык өз эмгек акысын алды

2026-жылдын башынан бери Кыргызстандын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин Орусиядагы өкүлчүлүгүнүн көмөгү менен КРнын 194 жаранына мурда берилбей келген 14 млн 373 миң 900 рубль эмгек акы төлөнүп берилди. 

Эмгек министрлигинен билдиришкендей, өкүлчүлүк өндүрүштүк жаракаттардан улам ден соолугуна келтирилген зыян үчүн жумуш берүүчүлөрдөн кенемте алууга үч кыргызстандыкка жардам көрсөткөн. Төлөнгөн кенемтенин жалпы суммасы 4 млн 550 миң рублду түздү.

Кыргызстандын жарандарынын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо максатында өкүлчүлүктүн кызматкерлери жыл башынан бери Москванын полициясынын аймактык бөлүмдөрүнө, Москва шаары жана Москва облусунун миграция маселелери боюнча бөлүктөрүнө, ошондой эле Москванын райондор аралык прокуратураларына 397 жолу барышкан. Бул сапарлар укуктук жана консультациялык колдоого муктаж болгон 843 кыргызстандык жарандын кайрылуусу боюнча ишке ашырылган.

Последние новости