www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
28-июлда социалдык тармактарда Ош шаарынын Кулатов кичи шаарчасында жашы жете элек баланы жаран жулкулдатып жаткан видео тарады.
Бул факты Ош ШИИБдин Сулайман-Тоо милиция бөлүмүнө катталып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталды. Жашы жете элек бала мыйзамдуу өкүлүнүн катышуусунда суракка алынып, соттук-медициналык экспертиза дайындалды.
Мындан тышкары, окуяга тиешеси бар делген К.А. тергөө кызматына жеткирилген.
Алдын ала текшерүүнүн жүрүшүндө, 27-июлда болжол менен саат 22:00 чамасында Кулатов кичи шаарчасында жашы жете элек К.Р. (2016-жылы туулган) менен А.Н. (2016-жылы туулган) ойноп жүргөн учурда, Р.Н. тарабынан оозго алгыс сөздөр айтылып, таяк менен урулгандыгы алгачкы сурак иштеринде аныкталган.
Учурда бардык жагдайларды аныктоо боюнча текшерүү иштери уланууда.