www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жалал-Абад облусунда Орусияда кылмыштуу ишмердүүлүк менен алектенген уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Кыргыз Республикасынын жогорку жетекчилигинин уюшкан кылмыштуулукту жок кылуу жана анын идеологиясын жоюу боюнча жүргүзүлүп жаткан саясатын ишке ашыруунун алкагында, УКМК тарабынан мурда оор кылмыштар боюнча кылмыш жообуна тартылган: К.Н.К., С.Д.С. жана С.Б.Д. аттуу уюшкан кылмыштуу топтордун мүчөлөрү кармалды.

Тергөө-ыкчам иш-чаралардын жүрүшүндө жогоруда аталган адамдардын криминалдык авторитет Камчы Көлбаевдин жакындарынын колдоосуна ээ болушуп, Орусияда эмгек миграциясында жүргөн КР жарандарына карата опузалап акча талап кылуу, шантаж жана коркутуу менен алектенишкени аныкталган.

Жүргүзүлгөн иш-чаралардын жыйынтыгы боюнча аталган адамдар кармалып, КР УКМКнын тергөө абагына киргизилди.

УКМК бул адамдардын кылмыштуу аракеттеринен жабыр тарткан жарандарды төмөнкү телефон номурлары аркылуу кайрылууну суранат: 0(3722) 5-60-49, 0995 01-22-10.

Последние новости