www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Падыша Чарльз III менен ханыша Камилла Хантингдон шаарына жакын жерде поездде болгон бычактуу кол салууга терең кейип, кайгыруу сезимин билдиришти. Бул тууралуу Букингем сарайынын билдирүүсүндө айтылат.
«Жубайым экөөбүз Кембриджширде поездде орун алган коркунучтуу бычактуу кол салуу тууралуу укканда терең таң калдык жана кайгыга баттык. Жабыркагандарга жана алардын үй-бүлөлөрүнө чын дилден кайгырууубузду билдиребиз. Ойлорубуз жана тилектерибүз алар менен. Ошондой эле бул кайгылуу окуяга ыкчам чара көргөн куткаруу жана коопсуздук кызматтарына терең ыраазычылык билдиребиз», — деп айтылат Sky News телеканалы келтирген падышанын билдирүүсүндө.
Кол салуу ишемби күнү кечинде Донкастер шаарынан Лондонду көздөй бараткан поездде, Англиянын чыгышындагы Питерборо менен Хантингдон шаарларынын ортосунда болгон. Поезд Хантингдон темир жол станциясына келгенден кийин эки шектүү киши кармалган. Полициянын маалыматына ылайык, алар Улуу Британияда төрөлгөн, бири афро-британ, экинчиси кариб тектүү британ жарандары болуп саналат.