www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Орусиядан мыйзамсыз ташылып келе жаткан балык артка кайтарылды. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги билдирет.

Маалыматка ылайык, "Ак-Тилек" чек ара ветеринардык көзөмөлдөө пунктунун инспекторлору тарабынан Орусиядан Кыргызстанга 21 тонна тоңдурулган балык мыйзамсыз жол менен ташылып келе жаткандыгы аныкталган.

Тактап айтканда, жүктө ЕАЭБдин ветеринардык-санитардык талаптары сакталган эмес.

Инспекторлор тарабынан тиешелүү артка кайтаруу актысы түзүлүп, жүк "Ак-Тилек" көзөмөл өткөрүү жайы аркылуу Орусияга артка кайтарылды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости