www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Март айынан тарта Орусиядан Өзбекстанга акча которуу көлөмү кыйла азайды. Бул тууралуу Өзбекстандын Борбордук банкынын төрагасы Мамаризо Нумуратов билдиргенин жергиликтүү маалымат кызматтары баяндайт.
"Марттын биринчи жарымында Өзбекстанга жөнөтүлгөн акча которуунун көлөмү былтыркы жылдын ушул маалына салыштырмалуу кыйла азайды. Азырынча бул рублдин курсунун төмөндөөсүнө гана байланыштуу деп так кесе айтуу кыйын. Бул жерде мигранттардын акча жөнөтүү же жөнөтпөө чечимине таасир эте турган аныксыздык абалдын жогорку деңгээли көбүрөөк себеп болуп жаткандай", — деди ал.
2021-жылы эмгек мигранттары Өзбекстанга жалпы 8,1 млрд доллар которгон. Дүйнөлүк банктын эксперттери Орусиядагы экономикалык кырдаалга байланыштуу 2022-жылы бул сумма 21% кыскарышы мүмкүндүгүн билдирген.
Булак: NazarNews.kg