www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Каржы министрлигине караштуу алкоголдук ичимдиктер рыногун жөнгө салуу жана контролдоо боюнча мамлекеттик салык кызматынын департаментинин кызматкерлери менен биргеликте УМКК «О» ЖЧКсынын жасалма алкоголдук продукция өндүрүү жана сатуу боюнча ишмердүүлүгүнө бөгөт койду. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 2022-жылдын 17-мартында өндүрүштүк масштабда алкоголдук продукцияны мыйзамсыз даярдоо, сактоо жана сатуу факты боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында Кара-балта шаарынын «О» ЖЧК заводунун ичинен акциздик маркалар менен 15 000 бөтөлкө өлчөмүндөгү даяр алкоголдук ичимдиктердин ири партиясы табылды.
Тинтүү учурунда андан тышкары 28 тоннага жакын эсепке алынбаган этил спирти, 100 миңден ашык күмөндүү пайдаланылбаган акциздик маркалар жана башка компоненттер (пробка, фирмалык этикетка ж.б.) табылды.
Азыркы учурда кылмыш иши үчүн маанилүү болгон бардык жагдайларды аныктоо боюнча тиешелүү ыкчам-тергөө иш-чаралары жүрүп жатат.
Булак: NazarNews.kg