www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Орусиянын президенти Владимир Путин Москвадагы "Лужники" стадионунда Кырымдын Орусияга кошулганынын 8 жылдыгына арналган митинг-концертте сүйлөдү. Бул тууралуу РИА Новости жазат.
Путиндин кайрылуусундагы маанилүү учурлар:
2014-жылдын 18-мартында Кырым менен Севастополдо өткөн референдумга эл "биз тагдыр бириктирген өз жерибиздебиз" деген ой менен барган. Алар өздөрүнүн жеринде жашап келген жана жашай берет. Тарыхый мекени Орусия менен тагдырлаш болууну каалап, максатына жетишкен.
Кырымдыктар менен севастополдуктар ашынган улутчулдарга маалында катуу туруштук берип туура кылган. Себеби азыр башка аймактарда болуп жаткан окуяларга бул жакшы далил.
Орусия Кырым менен Севастополду бутка тургузуу үчүн көп иштерди жасады. Алар көзгө дароо көрүнбөгөн нерселер эле: газ, электр энергиясы менен камсыздоо, коммуналдык чарба, жол тармагын калыбына келтирүү, жаңы жолдорду, магистралдарды жана көпүрөлөрдү куруу.
Донбасста жашагандар мамлекеттик төңкөрүштү каалаган эмес. Аларга каршы аскердик операциялар жасалып, бир нече ирет аткылоого кабылышты. Муну геноцид деп атоого болот. Азыркы операциянын максаты – элди ушундан куткаруу.
Биз көптөн бери бир муштумдай түйүлө элек болчубуз. Орус аскерлери бири-бирине жан аябастан жардам берүүдө. Керек болсо бир тууганына күйгөндөй денеси менен окту тосуп жатышат.
Эске салсак, Орусия Украинага каршы согушту 24-февралда баштаган. Путин анын максаты «сегиз жылдан бери Киев режиминин басмырлоосуна, геноцидине кабылып келгендерди коргоо» жана бул үчүн «Украинаны демилитаризация жана денацификация» жасап жана Донбасстагы «жай жашоочулардын канына забын болгондорду» аскер сотуна берип, жоопкерчиликке тартуу пландалып жатат, деп айткан.
Орусия - анын куралдуу күчтөрү аскерий соккуларды Украинанын аскердик инфраструктурасы менен күч түзүмдөрүнө уруп жаткандыгын, жай жарандарга багытталбагандыгын билдирет. Орусиянын колдоосу менен ДЭР жана ЛЭР топтору да өз аракеттерин улантууда. Путин - Украинаны оккупациялоо туурасында кеп жок экенин айтат.
Булак: NazarNews.kg