www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
18-мартта Жалал-Абад шаардык ички иштер бөлүмү, ЖКККБ, мэрия жана социалдык коргоо бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан "Кайырчы" аталышындагы рейд өткөрүлдү. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБинин басма сөз кызматы билдирди.
Анын алкагында шаар аймагындагы көчө бойлоруна, көпүрөлөргө, жер астынан өтүүчү өтмөктөргө туруп алып, жол тыгындарын жана жарандарга ыңгайсыздык жараткан 37 лөлү тектүүлөр аныкталды. Алар ичинде 7 жашы жете элек өспүрүмдөр бар.
Кармалгандар Жалал-Абад ШИИБинин имаратына алып келинип, манжа издери алынды. Тактоо учурунда алардын көпчүлүгү Ош облусунун ар башка аймагынан келгендиги белгилүү болду. Рейд учурунда аныкталган лөлү тектүү жарандар арасында түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, жашаган аймактарына жөнөтүлдү.
Жалал-Абад шаарынын аймагында жарандарга карата ыңгайсыздыктарды жоюу боюнча алдыда мындай иш-аракеттер дагы улантылат.
Булак: NazarNews.kg