www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Экономика министринин мурунку орун басары Элдар Абакиров менен маек.
- Кризис убагына шок болуп турган элге кандай кеңеш берер элең? Бул кырдаалдан кантип өтөбүз?
- Кризис болору анык болуп калды. Новосибирскиге барып келген тааныш адамым да жаңылыктарын айтып бөлүштү. “Карточкалар иштебейт. Эл кадимкидей кыйналып калыптыр” дейт. “Өнүгүүгө умтулуу жок, тескерисинен кетип кантип жашайбыз?” деген суроо пайда болду.
Тилекке каршыбы, же тагдырбы, айтор, миллион адам ошол жакта жашайт. Товарлар жылына ошол жакка экспорттолот. Былтыр 400 млн. долларга жакын товар экспорттолгон. Соода экономикалык байланыштар өтө тыгыз. Экономиканын 60-70%ы Россияга байланган. Демек, биз дагы бул кризистен өтөбүз.
Бир-эки айдан кийин кыйынчылык күчүнө кирет. Ар бир кыргызстандык аны сезет. “Кризис – это вожможность” деп орустар айткандай, бул убакты да колдонуш керек. Ал үчүн көз караштарды өзгөртүү шарт. “Кризис” деген “өзгөрүү” деген сөз. Мындай шартта эмне өзгөрүп, кайсы жагы өзгөргөн жок? Зыян алып келбеген нерсе ошол бойдон кала берсин. Ал эми зыян алып келе турган нерселерди өзгөртүш керек. “Диверсификация” деген сөз бар.
Туристерди көбөйтүү шарт. Кытай–Кыргызстан–Өзбекстан темир жолун коркпой эле бир фонд ачып баштай бериш керек. Мигранттарды башка өлкөлөргө жөнөтүү боюнча тынбай келишим түзүү зарыл. Түштүк Корея, Германия, Түркия, Япония, Бириккен Араб Ээмираттары ж.б. өлкөлөргө жиберүүгө аракет кылуу зарыл.
Мединституттардын санын көбөйтүп, Баткенге, Таласка, Нарынга, Караколго ачып, пакистандыктар келип окуп турса, ар бир шаарга жылына 100-150 млн. долларга чейин акча тартат. Миңдеген жумуш орундарын түзөт. Криптовалютаны мыйзамдаштырып, эркин режимге өткөрүп койсо болот. IT-hub’дарды ачуу зарыл.
Кыскасы, көптөгөн иштерди тез-тез аткарсак, узак мөөнөттүү өнүгүүгө өбөлгө түзүлөт. Ылдый түшөбүз. Бирок кайра чыгып кеткенге кандай иштерди аткарабыз? Күнү-түнү бул тууралуу ойлонуу, аткаруу – бүгүнкү талап. Өкмөт “бюрократия кылбаш керек” дебей, “аткаралы” деген принцип менен ыкчам кыймылдагандары оң.
Бизге азыр технократтар керек, б.а., тез ойлонуп, тез чечим чыгарып, рационалдуу пландарды кыска мөөнөттө ишке ашырган адамдарга муктажбыз.
Булак: Азия News гезити