www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Орусиянын экономиканы өнүктүрүү министри Максим Решетников Евразия экономикалык бирикмесине (ЕАЭБ) кирген мамлекеттер улуттук валюта менен эсептешүүгө өтүүнү макулдашканын кабарлады.

"Талкууланган өтө маанилүү маселе (Евразиялык экономикалык комиссиянын отурумунда) — рубль менен өз ара эсептешүү. Башкача айтканда, ар бир мамлекет чогултуп, анан Бирикменин келишими боюнча бөлүштүрүлүп, кайра өздөрүнүн бюджетине түшкөн бажы алымдары жөнүндө кеп болууда. Буга чейин мунун баары чет мамлекеттин валютасы менен жасалчу. Бүгүндөн баштап акырындык менен улуттук валюта менен соодалашууну макулдаштык", — деди Орусиянын министри.

Ал Орусия үчүн бажы алымынын негизги эсебинин рубль менен алынышы өзгөчө мааниге ээ экенин белгилеген. Келечекте мындай чечим экономикалык биримдиктеги өлкөлөрдүн төлөмдөрдү рубль менен соодалашууга, ошондой эле ЕАЭБге мүчө-өлкөлөрдүн башка валюталары менен эсеп жүргүзүүгө мүмкүндүк берет. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости