www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кар көчкү түшүү коркунучу жогору болгон аймактар тууралуу маалымат берди. Маалыматка ылайык, 2022-жылдын 19-мартынан 23-мартына чейин жаап өткөн жана күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын төмөнкү тоолуу аймактарында кар көчкү түшүү коркунучу бар:
- Бишкек-Ош унаа жолунун 121-138 чакырымында Төө-Ашуу ашуусу;
- Бишкек-Ош унаа жолунун 198-255 чакырымында Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы;
- Суусамыр-Талас-Тараз унаа жолунун 1-14 чакырымында Өтмөк ашуусу;
- Ала-Бука-Каныш-Кыя унаа жолунун 68-101 чакырымында Чапчыма ашуусу;
- Красная Горка-Ак-Таш унаа жолунун 1-4 чакырымында;
- Мырза-Аке-Кара-Кулжа-Алайкуу унаа жолунун 55-107 чакырымында;
- Ош-Сары-Таш-Эркештам унаа жолунун 160-179 чакырымында Талдык ашуусу;
- Сары-Таш-Дароот-Коргон-Карамык унаа жолунун 136-137 чакырымында;
- Сары-Таш-Дароот-Коргон-Карамык унаа жолунун 147-150 чакырымында;
- Бишкек-Нарын-Торугарт 292-305 чакырымында Долон ашуусу, Кара-Үңкүр капчыгайы;
- Казарман-Актал-Чат унаа жолунун 42-44 чакырымында Ийри-Суу тилкеси;
- Казарман-Актал-Чат унаа жолунун 60-94 чакырымында Кара-Гөө ашуусу;
- Каракол-Эңилчек унаа жолунун 45-48, 65-90 чакырымында;
- Барскоон-Ак-Шыйрак унаа жолунун Сөөк ашуусу;
- Барскоон-Ак-Шыйрак унаа жолунун 52-68 чакырымында.
"Аталган унаа жолдорунда кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тайгак болуп, муз тоңот. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл", - деп эскертет ӨКМ.
Булак: NazarNews.kg