www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Германиянын канцлери Олаф Шольц Орусиянын президенти Владимир Путин менен 18-мартта телефондон сүйлөшүп, дипломатиялык чечимдерди камсыздоо жана гуманитардык кризисти алдын алуу үчүн Москваны Украинага жасаган чабуулун токтотууга чакырды.

Шольцтун кеңсесинин билдирүүсүнө караганда, эки лидер “Украинада уланып жаткан согушту токтотуу жөнүндө” дээрлик бир саатча сүйлөштү. Телефондук байланыштын мындан башка деталдары айтылган жок.

Кремль өз билдирүүсүндө “орус тарап өз принциптеринин алкагында чечимдерин издөөгө даяр экендигин айтты” деп кабарлады. Орус президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песков бул күнү Владимир Путин Франциянын президенти Эммануэл Макрон менен да телефондон сүйлөшүүсү мүмкүн экенин ырастады.

Эске салсак, Орусия Украинага каршы согушту 24-февралда баштаган. Путин анын максаты «сегиз жылдан бери Киев режиминин басмырлоосуна, геноцидине кабылып келгендерди коргоо» жана бул үчүн «Украинаны демилитаризация жана денацификация» жасап жана Донбасстагы «жай жашоочулардын канына забын болгондорду» аскер сотуна берип, жоопкерчиликке тартуу пландалып жатат, деп айткан.

Орусия - анын куралдуу күчтөрү аскерий соккуларды Украинанын аскердик инфраструктурасы менен күч түзүмдөрүнө уруп жаткандыгын, жай жарандарга багытталбагандыгын билдирет. Орусиянын колдоосу менен ДЭР жана ЛЭР топтору да өз аракеттерин улантууда. Путин - Украинаны оккупациялоо туурасында кеп жок экенин айтат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости