www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2022-жылдын 25-февралынан 17-мартка чейин 62,5 килограмм алтын куймалары 406,1 миллион сомго сатылган. Бул тууралуу Улуттук банктан билдиришти. Жалпысынан, алтын куймаларын сатуу долбоору башталгандан бери 1 млрд 451,6 млн сомго 368,2 килограмм алтын сатылды.

«Бүгүнкү күндө алтын куймаларынын бардык түрлөрүнө суроо-талап жогору. Улуттук банк бардык номиналдагы, тактап айтканда, салмагы 1, 2, 5, 10, 31,1035 грамм (унция) жана 100 граммдык өлчөнгөн алтын куймаларын сатууда. Ошол эле учурда сатууга коюлган алтын куймаларынын балансы күн сайын өзгөрүп турат. Себеби, кайра сатып алынган алтын куймалары менен күн сайын толукталып турат. Өлчөнгөн тилкелердин запастарын толуктоо зарылчылыгына жараша болот. Бүгүнкү күндө өлчөнгөн куймалардын запастарын кезектеги толуктоо боюнча иштер аткарылып жатат», - деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, президент Садыр Жапаров акчаларды алтынга айладыруу жолу менен сактоо тууралуу кайрылуусунан кийин, алтынга болгон суроо-талап жогорулаган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости