www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Орусиянын “Новая газета” басылмасынын баш редактору, Нобель Тынчтык сыйлыгынын ээси Дмитрий Муратов украиналык качкындар менен жарадарларга жана ооруканада жаткан балдарга жардам берүү үчүн Нобель медалын аукционго койду.

Сатуу иштерин Heritage Auctions аукциондук мекемеси уюштурмай болду. Баштапкы баа катары 13 миң доллар коюлду. Финалдык соода 20-июнда Нью-Йоркто өтөт. Түшкөн каражат ЮНИСЕФ аркылуу украиналык балдарга жумшалат.

Орусиянын Украинага кол салуусун кескин айыптаган журналист Дмитрий Муратов украиналык жабырлануучуларга жардам катары медалын сатаарын быйыл 22-мартта жарыялаган. Анда журналист аукцион өткөрүүчү мекемелерге кайрылып, медалды сатып беришин өтүнгөн. Муратов ал күнү ок атышууну токтотууга, туткундарды алмашууга, сөөктөрдү кайтарууга, гуманитардык коридорлорду ачууга жана качкындардын коопсуздугун камсыздоого чакырган.

Дмитрий Муратов Нобель Тынчтык сыйлыгын 2021-жылы филиппиндик журналист Мария Ресса менен чогуу алган. Аларды сыйлоо аземи былтыр 10-декабрда Норвегиянын борбору Ослодо өткөн. Нобел комитетинин билдирүүсүндө, журналисттерге абройлуу эл аралык сыйлыкты “демократияга жана тынчтыкка өбөлгө түзгөн пикир эркиндигин коргоодогу аракеттери үчүн” берилген.

Физиология боюнча Нобель сыйлыгынын ээси Жеймс Уотсон өз медалын 2014-жылы 4,8 миллион долларга саткан. Физика боюнча алган медалын Леон Ледерман 2015-жылы 765 миң долларга сатып, дарылануу үчүн жумшаган. Сыйлыктын лауреаттарынын үй-бүлөлөрү да медалдарды ар кандай максаттарда аукциондорго койгон, баалар 395 миң доллардан 2,2 миллион долларга чейин жеткен. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости