www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Билеги күчтүү, билими жок шопурлар бийликти каптай баштады. Кыргызстанда криминалдар, динчилдер,зэктер, шопурлар саясатка аралашып көнүп деле калганбыз. Илмиянов деген мамлекеттик рулду башкарган шопур бар эле, азыркы саясатчыларга караганда курсташтары ким экенин билбесе да Женпедди «заочно» аяктамыш болгон. Атамбаевге таянып мамлекетти бийлегени менен кыз-келиндерге көз артчу эмес, жердештери баткендиктерге карамдуу болгон. Анын шопуру Туманбаев Президенттик аппараттын Иш Башкармасынын жетекчиси болду. Мунун жүрүш-туруштары тууралуу өзүнчө сөз болор, сулуу кыз-келиндерди көрсө кыя өтпөгөн, өзүн мазактап «99» же бир шариги кем деген наамга кондурса да чычаламак түгүл сүйүнгөн дагы бир шопур бар. Бул жулик «99» Нарын облусунун губернаторуна шопур болгондон кийин ташы өйдө кулаган. Азыр өкмөт башчысынын шопуру болуп ааламды чапчып турган убагы. Кошоматчы аким, губернатор, министрлер Акылбек Жапаровдон биринчи шопуруна салам берип, ал эмес «99дун» көрсөтмөсү менен кээ бирде какайып анын алдында турушса, кээ бирде оңко-тоңкосунан кетип гимнастика да жасап жиберишет экен. Шопур Илмияновдон дагы бир айырмасы өтө жел өпкө «99» мактанчаактыгы көптөгөн жашыруун сырларды тышка чыгарып жибергени жаман. Жакында «Политклиника» гезити өкмөт башчысы тууралуу мамлекетти дүңгүрөткөн материалдарды жарыкка чыгарды. Түкшүмөлдө алар материалдарды ушул шопурунан пайдаланып алгандай.
Нарын облусунун экс-губернатору шопуру азыркы бийликтин кызматтык машинасын айдап жүргөнүн кызганып, президент Жапаров менен анын досу Ташиевге кекенип, «мен силерди жок кылам» -деп буркан-шаркан кыйкырып жүрөт. «99» болсо мактанып, манчыркап эми президенттик аппаратты көздөгөн жылуу орунга жылам деп, ар кимди коркутуп, үркүтүп «долясын» ала баштады. Кыз жандуу «99» бул орунга келсе, «а бийлигиңди урдум» -деп кол шилтер убак келет го.
Башынан “Кыргызалтындын” өзүнүн мамлекет башчыларына 300-400 миллион долларлык ставкасы бар. Бул Акаевден бери келаткан жөрөлгө. Балким «Бөлтүрүктөр» келгени бөлөк болуп кеткендир. Азыркы бийлик буга көңүл бурууга чамасы жок. «99» эки жылдан бери ал жактан көзүн албай келатат. Азыр «Кыргызалтында» «99»дун түкүргөн түкүрүгү жерге түшпөй турган убагы. “Отко салса күйбөгөн, сууга салса чөкпөгөн” ким бийлик башына келсе шопур боло калып, капчыгын калыңдатып, кыз-келиндерге ойсоктоп тийишкен «99» .
«99» өзү шопур болсо да “Кыргызалтынды” чамгарактатып өзү билип, өтүгүн төргө илген. «Журт атасы Атамбаевдин» учурунда шопур, телохранитель, секретаршалар мамлекетти башкарып калган кыргыздар унчукпай жата беребиз да. Акыркы мезгилде, “Кыргызалтын” акционердик коомун холдингге айлантабыз деген жыландын тили соймоңдоп чыга баштады. Албетте, бул жерде «Кыргызалтын» акционердик коомунун миллиардаган мүлкү жатат. Шефи «ал» деп койсо, жамбашын үзө тиштеген овчаркадай «99» наамында «Кыргызалтындын» менеджери да болуп алган. Азыр Кыргызстанда да, «Кыргызалтында» шефи менен «99»дун түкүргөн түкүрүгү жерге түшпөй турган убагы.
Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg