www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
- Атыр Болотбековна, Сузактагы окуя боюнча эмне айта аласыз?
- Баланын укугу – бул эң жогорку баалуулук. Коом, мамлекет дагы баланын укугун коргоого тийиш. Бул биздин милдетибиз. Балдарга белек берип, оюн-зоок уюштуруп коюу – алардын укугун коргоо эмес да. Алардын укуктары күнүмдүк жашоодо сакталышы керек.
Ал эми Сузактагы окуя боюнча айтсам, биз билим берүү мыйзамын, мугалимдин макамын иликтедик, керек болсо ошол мектептин уставына чейин көтөрдүк. Баардык жерде мугалим балдарга карата күч колдонмок турсун, зирпилдеп, аброюна шек келтирген, басмырлаган кандайдыр бир сөздөрдү да колдонбошу керек (!) деп так жазылып турат.
Анткени, мугалим биринчи иретте тарбиячы. Мектептен сырт жерде баланын коопсуздугуна, баскантурганына ата-эне жооп берсе, мектептин ичинде болгон окуяга мугалим менен мектеп администрациясы жоопкер. Ошон үчүн бул маселеде мен эки тарапка бөлүнүүгө каршымын. Эки тараптын позициясы жок, бир эле тараптын позициясы бар. Балага эч ким күч колдоно албайт, катуу сөз айтпашы да керек. Мугалим “мен акырын эле ургам” деп атпайбы.
Акырын урса, балага “мээси чайкалган” деген диагноз коюлмак эмес. Денесинде көгала болгон жерлери бар экен. Баштапкы мектептерге билим бере турган мугалимдин ортоңку класстарга сабак өтүүсүнө ким уруксат берди? “Кадр жетишсиз” дегенине мен кошула албайм. Каалоо болсо, кадр табылат.
- Албетте, сиздин айтканыңызда жүйөө бар. Бирок, мугалимдин укугу эмне болот анда?
- Мугалимдин укугу – окуучу тентектик кылса класстан чыгарып ийүү, күндөлүгүнө “2” коюу, директорго айтып, ата-энесин чакыртуу. “Мугалимдердин айлыгы аз, социалдык жактан аз корголгон” дегенге кошулам. Биз алардын ошол укуктарын коргоого даярбыз, бирок ал сапаттуу адис болуш керек да.
- Азыр Жогорку Кеңеште мугалимдерди сыйлабагандык үчүн айып салууну караган мыйзам долбоору дардалып жатат. Ага сиздин көз карашыңыз кандай?
- Туура эмес деп эсептейм. Анткени окуучу – ал бала. Чоң кишилер: сиз, мен кандай үлгү көрсөтсөк, балдар өзүн ошондой алып жүрүшөт, туурабы? Бул мыйзам кедей-кембагалдарга гана иштеп, кызматтагы адамдардын балдарына колдонулбай калабы? Ушундан чочуйм.
Булак: Азия News гезити