www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Чек ара кызматы: Кыргыз-тажик чек арасында түн тынч өттү

4-июнь саат 09.20га карата мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесинде абал салыштырмалуу туруктуу деп мүнөздөлөт. Бул тууралуу КР Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын маалымат жана коммуникациялар башкармалыгы кабарлайт.

Маалыматка ылайык, түн тынч өттү, эч кандай терс окуялар жана чыр-чатактар катталган жок.

КР УКМКнын Чек ара кызматынын өздүк курамы Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасын кайтаруу жана коргоо боюнча тапшырмаларды аткарууну улантууда.

Эске салсак, чек ара аймагында атышуу кечээ, 3-июнда, түштө башталганы кабарланган. Маалыматка караганда, алгач Баткен облусуна караштуу Булак-Башы аймагында кыргызстандык чек арачылар тактала элек аймактан өтүп, Кыргызстанга мыйзамсыз кирип кеткен тажикстандык чек арачыларды көрүшкөн. Талаптарга баш ийбеген тажик чек арачылары кыргыз аскерлерин көздөй ок чыгарган. Натыйжада эки өлкөнүн чек арачылары атыша кеткен. Тажик тарап миномёт колдонгон.

Буга чейин окуя болгон жерде эки тараптан тең жаракат алгандар бар экени айтылган. Кыргыз тараптан эки жоокер жарадар болгон.

Саламаттык сактоо министрлиги жаракат алгандардын биринин абалы өтө оор экенин, бейтап жасалма дем алдыруучу аппаратка туташтырылганын белгилеген. Ал эми экинчи жарандын абалы орто деп бааланды.

Өз кезегинде атайын кызматтын башчысы Камчыбек Ташиев чукул Баткенге учуп кеткен.

Окуя болгон жерге барган Камчыбек Ташиев жаңжал жайлоо талашынан чыкканын белгилеген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости