www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

РФтин Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары Дмитрий Медведев Al Jazeera басылмасындагы маегинде "Орусия дүйнөлүк азык-түлүк кризисин жаратты" деген айыптоолор негизсиз экенин билдирди.

Ал белгилегендей, планетадагы азык-түлүк жаатындагы абал беш-жети жыл мурда эле ар кандай себептер менен начарлап кеткен, ал эми бүгүнкү күндө Батыштын санкцияларынан улам абал ого бетер курчуду.

"Алар ошол эле буудайды жеткирип турушубузду каалап жатат. Аны эмне камап коюшту беле? Мындай болушу мүмкүн эмес да", — деди Медведев.

Анын айтымында, дүйнөдөгү азык-түлүк боюнча абалды жакшыртуу үчүн санкциялардан баш тартуу керек. Ошондо гана баалар төмөндөйт.

Украинанын кампаларында турган буудай данына токтолгон орун басар бардык жолдорду "миналардан" тазалаш керектигин айтты.

"Биз бул дан азыктарынын сыртка ташылышына эч кандай тоскоолдук жараткан жокпуз. Киев бийлиги колундагы келишимдерге ылайык, деңиз жана кургак жол аркылуу жөнөтө берсин", — деди Медведев.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости