www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев опузалап 1 миллион сом пара талап кылган. Бул тууралуу Башкы прокуратура билдирди.
"Башкы прокуратурага саламаттык сактоо министринин орун басары Улук-Бек Бектурганов арыз менен кайрылып, министр Бейшеналиев 2021-жылдын май айынан баштап кызматынан кетирем деп коркутуп, 1 миллион сом пара берүүсүн талап кылганын айткан", — деп жазылат көзөмөл органынын билдирүүсүндө.
Ошондой эле прокуратурадан Бектурганов ар кандай коркутуулардан кийин 498 миң сомду туугандарынан карызга алып, 2021-жылдын 8-июлунда Бейшеналиевдин оозеки тапшырмасы боюнча Бишкек шаарындагы курулуш компанияларынын биринин өкүлүнө бергенин айтышты.
Көрсөтүлгөн факты боюнча Башкы прокуратура тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесине ("Опузалап пара алуу") ылайык кылмыш иши козголгон.
Эске салсак, Бейшеналиев 2-июнда бюджеттик каражатты мыйзамсыз түрдө адалдоо ыкмасын уюштурду деп кармалган. Кеп вакцинаны негизсиз сатып алуу тууралуу болуп жатат. Ага алгач Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренеси ("Коррупция") менен кылмыш иши козголгону айтылган. Андан тышкары, "Опузалап пара алуу" беренеси боюнча эки кылмыш иши, "Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренеси боюнча төрт кылмыш иши ачылганы айтылган.
Баса, вакцина сатып алуудагы коррупция боюнча министрдин орун басары, ошол эле Улук-Бек Бектурганов, Республикалык эмдөө борборунун директору Гүлбара Ишенапысова, Дары каражаттары жана медициналык буюмдар департаментинин бөлүм башчысы Султан Сатарбеков да кармалганы маалымдалган.
Булак: NazarNews.kg