www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргыз-тажик чек арасында жарадар болгон жоокерлер УКМКнын төрагасыны көзөмөлүндө Бишкекке жеткирилди. Бул тууралуу бүгүн, 4-июнда атайын кызматтын маалымат кызматы билдирди.
«Чек арада ок атышуудан жабыркагандар медициналык мекемелерге жөнөтүлүп, аларга бардык зарыл жардамдар көрсөтүлөт. Ошондой эле жоокерлер УКМКнын башчысынын жеке көзөмөлүндө турат», - деп айтылат маалыматта.
Эске салсак, чек ара аймагында атышуу кечээ, 3-июнда, түштө башталганы кабарланган. Маалыматка караганда, алгач Баткен облусуна караштуу Булак-Башы аймагында кыргызстандык чек арачылар тактала элек аймактан өтүп, Кыргызстанга мыйзамсыз кирип кеткен тажикстандык чек арачыларды көрүшкөн. Талаптарга баш ийбеген тажик чек арачылары кыргыз аскерлерин көздөй ок чыгарган. Натыйжада эки өлкөнүн чек арачылары атыша кеткен. Тажик тарап миномёт колдонгон.
Буга чейин окуя болгон жерде эки тараптан тең жаракат алгандар бар экени айтылган. Кыргыз тараптан эки жоокер жарадар болгон.
Саламаттык сактоо министрлиги жаракат алгандардын биринин абалы өтө оор экенин, бейтап жасалма дем алдыруучу аппаратка туташтырылганын белгилеген. Ал эми экинчи жарандын абалы орто деп бааланды.
Өз кезегинде атайын кызматтын башчысы Камчыбек Ташиев чукул Баткенге учуп кеткен.
Окуя болгон жерге барган Камчыбек Ташиев жаңжал жайлоо талашынан чыкканын белгилеген.
Булак: NazarNews.kg