www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ыкчам маалымат боюнча, Харьков шаарын айланып өтүүчү жолдо орусиялык аскер кызматчыларынын 4 танкы өрттөлдү, деп жазат Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабы.
Ошондой эле, Бириккен күчтөрдүн командачылыгынын маалыматы боюнча, бүгүн, 24-февралда Щастя (Луганск облусундагы шаар) аймагында 50гө жакын орусиялык аскер кызматкери жок кылынды.
Россия Федерациясынын Куралдуу күчтөрүнүн дагы бир учагы (катары менен алтынчы) Краматорск облусунда жок кылынды, деп айтылат маалыматта.
Бүгүн, 24-февралдын таңынан тарта, Укранина — Орусия мамилесиндеги кырдаал башкача өңүттө өнүгө баштады. Украина тараптан ЛЭР менен ДЭРге карата аткылоонун аягы үзүлбөй, аталган республикалардын жетекчилери РФ лидери Владимир Путинден жардам сураган. Мындан улам Путин эртең менен элине кайрылып, Донбасста аскердик атайын операция өткөрүү чечимин кабыл алгандыгын жарыя кылды. Ал эми Украина президенти Владимир Зеленский да өлкөнүн бардык аймагына согуштук абал киргизилип жатканын билдирди.
Бир катар Батыш мамлекеттери Орусиянын аракетин сындап, БУУнун башкы катчысы Украинадагы жаңжалды тез арада токтотууга чакырды.
Ал эми Путин буга чейинки сүйлөшүүлөр жыйынтык бербегендигин, Россиянын НАТОну кеңейтпөө боюнча сүйлөшүү аракетинен майнап чыкпагандыгын билдирди.
Булак: NazarNews.kg