www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Убагында Соке татыксыз эле полковниктерге генералдык чин-даражаларды таратып, кепке кемтик, сөзгө сөлтүк болгон. Күч органдарынын ичинде нааразычылык жаралган эле. Эми ал күндөр өттү.

Учурда бир жагдайга көңүл буруп койсок. ИИМ орун басары Нурбек Абдиев көп жылдар бою оор кылмыштарга каршы күрөшүү бетин ачуу боюнча эмгек сиңирип келатат. Өзү кылбаганы менен өздүк курамдын ичинде жылуу пикир жаратканы, иштермандыгы, коопсуздукту камсыз кылууда салым кошкону жагынан өзгөчөлөнө алыптыр.

Убагында ИИМ астындагы СКМди татыктуу аркалап, бүгүнкү күндө министрлин орун басары катары да милдетин так, ыкчам аткарганы менен башкалардан өйдө турууда. Натыйжада, туура баалоого алып, Нурбек Абдиевге генерал-майор наамын ыйгарганы жарашты. Мамлекет татыктуу кадрды учурунда баалашы зарыл.

Булак: Азия News гезити

Последние новости