www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Биз дүйнөлүк тенденция менен кымбаттаган кымбатчылыкты тизгиндей албайбыз», - деди бүгүн, 24-февралда NazarNews маалымат агенттигине МККнын төрагасынын мурдагы орун басары Самсаалы Четинбаев.

- Самсаалы мырза, өкмөттүн аракетинен майнап чыгып, кымбатчылык тизгинделчүдөйбү?

- Кымбатчылыкты тизгиндечү дүйнөдө саналуу эле өлкөлөр бар. Тилекке каршы, биз ал өлкөлөрдүн катарына кирбейбиз. Экономикабыз чабал. Биз дүйнөлүк тенденция менен кымбаттаган кымбатчылыкты тизгиндей албайбыз. Ага чарк-чамабыз жетишсиз.

- Дүйнөлүк тенденция деп кол куушуруп отура беришибиз керекпи же аракет кылышыбыз керекпи?

- Канча аракет кылсак да майнап чыкпайт.  Баары келип чөнтөгүбүзгө такалат. Ооба, саясат кылып жарыбаган иш-аракеттерди кылышыбыз мүмкүн. Бирок аны кымбатчылыкты тизгиндөө деп айтыш кыйын болот

- Ашынган кымбатчылыктан тамак-аш коопсуздугу жаралып кетпейби?

- Андай жагдай эбак жаралган. Эптеп эле күн көрүп жаткан элдин катмары жок эмес.

- Айдоо жерлерди көбөйтүп, эгин эксек абалдан чыгып кетебизби?

- Кашайып ал жагы да барып акчага такалат. Суу жетпеген, суу жеткизе албаган дың жерлерибиз толтура. Ошолорду өздөштүрө албай жатпайбызбы.

-Украинанын чыгышында кырдаал курчуду. Анын кесепети Кыргызстанга да тийбейби?

- Сөзсүз тийет.

- Кайсыл жагынан кесепети тийиши мүмкүн?

- Бардык жагынан. Биздин Украина менен азбы көппү алакабыз бар. Ошонун баары аксайт. Зыяны тийет. Ошон үчүн согуш токтоп калса экен.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости