www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Орусиянын Коргоо министрлиги дүйшөмбү күнү Москва убактысы боюнча эртең мененки саат 10:00дон тартып тынчтык режими жарыяланып, Украинанын Киев, Мариуполь, Харьков жана Суми шаарларынын тургундары үчүн гуманитардык коридор ачыларын билдирди.

"Гуманитардык коридор "катастрофалык гуманитардык абалды" эске алуу менен жана Орусиянын президенти Владимир Путин менен телефондо сүйлөшкөн Франциянын лидери Эммануэль Макрондун жеке өтүнүчү боюнча ачылууда", — деп жазылган мекеменин билдирүүсүндө.

Орус тарап сунуштаган гуманитардык коридорлордун маршруттарына ылайык, Мариуполь, Харьков жана Суми шаарларынын тургундары Орусияга же Украинанын орус аскерлери жок батыш бөлүгүнө бара алса, Киевдин тургундары орус аскерлери ээлеп турган Беларус аркылуу гана чыгып кете алышат.

Азырынча Орусиянын Коргоо министрлигинин бул билдирүүсү боюнча украин тарап эч кандай комментарий бере элек.

Мариуполдун тургундарын эвакуациялоо үчүн ишемби жана жекшемби күндөрү жарыяланган тынчтык келишимдери сакталбай, жашоочулар шаардан чыгып кете алышкан эмес. Бул үчүн эки тарап бири-бирин айыпташкан.

Дүйшөмбүгө караган түнү Украинанын бир нече аймагында аткылоолор уланды. Маалыматтарга караганда, Николаев шаарындагы турак үйлөр зыянга учурады. Мындан тышкары Харьков шаарында да кыйроолор бар экени кабарланды.

Киевдин жака белиндеги орус аскерлери ээлеп турган Гостомель кыштагынын администрациясы айыл башчысы Юрий Прилипко гуманитардык жардам таратып жатканда курман болгонун билдирди. Азырынча орус тарап бул боюнча комментарий бере элек.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости