www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Орусиялык Smartavia жана iFly авиакомпаниялары Өзбекстанга учууларын токтотууда. Бул тууралуу "Узавиация" мекемеси билдирди.
Расмий маалыматка караганда, Smartavia компаниясы 7-марттан тартып Москва-Ургенч-Москва каттамын токтотот.
iFly авиакомпаниясы 5-марттан тартып Өзбекстандагы бардык каттамдарын белгисиз мөөнөткө токтоткон.
Буга чейин "Аэрофлот", "Орусия", "Аврора" жана S7 авиакомпаниялары да Өзбекстанга каттамдарын токтоторун жарыялаган.
Россия Украинага аскердик чабуул жасагандан кийин батыш өлкөлөрү Россияга каршы санкцияларын кеңейткен. Орусиялык авиакомпаниялар үчүн АКШ , ЕБ өлкөлөрү жана башка бир катар мамлекеттер аба мейкиндигин жапкан.
ЕБ орусиялык авиакомипанияларга учактарды, жабдыктарды жана тетиктерди сатууга жана 28-марттан кийин лизингге берүүгө тыюу салган. Ага чейин европалык өндүрүштөн чыккан учактар (анын ичинде Airbus) лизинг ээсине кайтарылышы керек.
Булак: NazarNews.kg