www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкектеги Орусия Федерациясынын элчилигинин алдында бүгүн согушка каршы митинг болуп өттү. Орусиянын Украинага карата аскерий агрессиясына Адам укуктары боюнча эл аралык федерациянын (FIDH), «Бир дүйнө – Кыргызстан» адам укуктарын коргоо кыймылынын, «Кылым шамы» аттуу адам укуктарын коргоо борборунун өкүлдөрү каршы чыкты.

FIDH федерациясынын вице-президенти, «Бир дүйнө – Кыргызстан» кыймылынын директору Толекан Исмаилова: «Эл аралык укук боюнча өз милдеттенмелерин Орусия дагы бир жолу бузуп жатканда жарандык коом унчукпай отура албайт, ошондуктан биз коомчулукка кайрылып, Орусиянын куралдуу агрессиясын токтотууга чакырабыз, анткени меселени чечүүдө дипломатиялык ыкмадан баш тартуу адам укуктары боюнча эл аралык укукту таптакыр талкалайт», – деп билдирди.

Митингдин жыйынтыгы менен кабыл алынган чечимде минтип айтылат: «Бириккен улуттардын уставынын 2(4)-беренесинде – бардык мүчө-мамлекеттер өз эл-аралык катнаштарында башка кайсы бир мамлекеттин аймактык бүтүндүгүнө жана саясий эгемендүүлүгүнө күч менен коркунуч түзбөөгө тийиш деп жазылган.

Буга чейин, 2014-жылы, Орусия Кырым жарым аралын дагы басып алган жана азыр Украина менен болгон чатакта өздөрүн эгемендүү деп жарыялап, Донецк жана Луганск эл жумурияттары деп аталган түзүлүштөргө аскерий жардам көрсөткөнү жана, аны менен катар, «атайын операция» деп аталган Орусиянын аскерий аракеттери эл аралык эрежелерди бузуп, Украинанын аймактык бүтүндүгүнө түздөн-түз коркунуч түзүүдө.

Украина дагы Эл аралык кылмыш сотунун макамын толук таанып, анын статутун ратификациялаш керек, анткени аны менен тынчтык тартибин бузууга каршы эл аралык коомчулуктун аракеттери күчтөнөт. Украинага каршы жасалган аскерий чабуулду эл аралык кылмыш деп тааныш керек жана 2018-жылдын июлунан бери мындай иштерди Эл аралык кылмыш соту карай алат.

– Биз Орусия Федерациясына кайрылып, аны – өз эл аралык милдеттенмелерин аткарып, эгемендүү мамлекетке каршы аскерий агрессиясын токтотууга чакырабыз. Жайкын жаткан эл арасында чыгаша болбос үчүн Орусия өз аскерлерин Украина аймагынан чыгарып кетиш керек.

– Орусия Федерациясынын бийлигин биз – маселелерди тынчтык жолу менен чечүүгө чакырабыз. Ал үчүн керектүү сүйлөшүүнү Бириккен улуттар жана ЕККУнун деңгээлинде өткөрсө болот.

– Кыргызстан бийлигинин бардык бутактарын биз – Украинага каршы Орусия тараптан көрүлүп жаткан агрессия жана аскерий аракеттерди токтотууга көмөктөшүүгө чакырабыз.

– Президент Садыр Жапаровго кайрылып, биз Орусия Федерациясы тарабынан Украинага карата жасалган агрессияны сынга алууга чакцырабыз. Бардык маселелер Бириккен улуттар жана ЕККУнун алкагындагы милдеттенмелерди эске алуу менен тынчтык ыкмалары менен чечилүүгө тийиш.

Последние новости