www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Сабырбек Жумабеков менден 5 жолу кечирим сурасын», - деди саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев.

Министрдин чечими менен С.Жумабеков жетектеп келген Бишкек травматология жана ортопедиялык илимий-изилдөө борбору Клиникалык тез жардам ооруканасы болуп түзүлүп, жаңы жетекчи дайындалган болчу.

«Сабырбек Жумабековдун докторлук диссертациясын таппай жатышат. Мүмкүн, ал документтерди сатып алган. Көптөгөн жаштар анын жетекчилиги менен илимий ишин жактаган эле. Демек алардын иши да мыйзамсыз болуп калат. Бирок биз жокко чыгарбайбыз, бул алардын күнөөсү эмес», - деди А.Бейшеналиев.

Министр Сабырбек Жумабековдон кечирим сурашын талап кыла турганын айтты. «Менден 5 ирет кечирим сурасын, анан мен баарын токтотом», - деди министр.

"Сабырбек Жумабеков мурунку иш ордунда бейтаптарды кабыл алып жатат. Ал оорукананын кайрадан каттоо иштери аяктагандан кийин — 1 айдан соң кетет", - деп кошумчалады министр.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости