www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Өзбекстандын Фергана жана Тажикстандын Согди облустары үчүн Баткен облусунун транзиттик баалуулугу бар. Бул тараптан мөмө-жемиштер жана башка айыл чарба азыктары Кытайга өтүп турушуна бул мамлекеттер кызыкдар. Бул тууралуу Минкабдын үлкөн атка минери Азиз Аалиев божурады. Борбор Азияда байыртан калктар жашап келет. Улуу кыргыз империясын Эне-Сайда курган кыргыздар коңшу элдер менен аралаш жашап келет. Кыргызстандын түштүгүндө өзбек диаспорасы бар. Булар эки ирет кыргыздар менен чекчеңдеше кетип, эми өйдө-төмөн секирбей жашап калган. Шавкат Мирзиёевдин мамлекет башына келиши менен кырдаал жакшы жакка оогон. Мирзиёев деле улутташтарынын камын ойлоп жатат. Ал «этникалык өзбектерди паспорттоштуруу» тууралуу сунушун ИИМ менен ТИМге айтып, алар чет мамлекеттерден мунун жолун терең иликтеп көрүшүн талап кылууда. Жаңы Өзбекстан паспорту менен чек арадан текшерүүсүз өтүп, Өзбекстанда мөөнөтсүз жашоого укугу бар. Андан тышкары, Өзбекстанда жеңилдиктер менен окуу жайлардан окуй алат. Эки жаран алууга тыюу салынган өлкөлөрдө жашаган өзбектер да бул паспортту алганда коркпой колдонсо болот. Анткени, бул паспорт жалпы жарандык паспортко теңештирилген эмес. Өзбекстандын тиешелүү тармактары өзбектер үчүн визаларды жеңилдетип алууну, жашаган жерин жана жумушка болгон жарамдуулугун мыйзамдаштыруусун талап кылууда.
2021-жылдын 11-мартында Өзбекстанга расмий сапар менен барган Садыр Жапаровду Ташкендеги аэропортто шаан-шөкөт менен тосуп алышкан. Эки президенттин жолугушуусунда өзбек-кыргыз мамилесин мындан ары кантип жигердүү өнүктүрүү жолу талкууланган. Эки мамлекеттин ортосунда биргелешкен инвестфонд түзүү, Сохко авиакаттамдарды ачуу, Үңкүр-Тоодогу талаш маселесин чечүү, кыргызстандыктар үчүн өзбек жождорунда 100 гранттык орун менен камсыздандыруу, Камбар-Ата ГЭС-1 курулушунун долбоорун даярдоо жана башка көп биргелешкен документке кол коюлган. Шавкат Мирзиёевдин билдиргенине караганда: «Эки өлкө ортосунда мындай тарыхий жолугушуу мурун болгон эмес».
Садыр Жапаровдун Өзбекстанга болгон иш сапары учурунда Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосунда түзүлгөн өкмөттөр аралык келишимдердин бири — Камбар-Ата ГЭС-1 курулушунун долбоорун даярдоо боюнча келишим. Беш жыл мурун укмуштай сезилген келишим, ал тургай ал боюнча ооз ачуунун өзү эле Өзбекстандын жетекчилигин тынчсыздандырган. ГЭСинин курулушунун токтоп калышынын башкы себептеринин бири Ислам Каримовдун чечкиндүү каршылыгы болгон. Өзбекстандын учактары режимдин аларга берген мүмкүнчүлүгүнөн пайдаланып, коңшулаш Кыргызстандын айылдарын бомбалап кеткен учурлар болгон. Бир нече жыл мурун эле өзбек президенти Ислам Каримов Кыргызстандагы Жогорку Нарын ГЭСин куруу чечимдерине жооп кылып, аймактагы суу үчүн согуш чыгып кетиши мүмкүн деп эскерткен.
Кыргызстандагы ГЭСтерди куруу жана аймактагы суу үчүн согуш коркунучу боюнча ошол душмандык саясаттан бери беш жыл өтпөй, Өзбекстан өз позициясын толугу менен өзгөрттү жана ГЭСтердин курулушуна тоскоолдук кылбастан, анын курулушуна катышууга даяр экендигин да билдирет. Бирок ошол кезде Кыргызстан менен суу маселеси боюнча талаш-тартыштар жаралып, суунун айынан чатакташып, ал дээрлик масштабдуу согушка айланган.
Эмне үчүн позициялар өзгөрдү жана чын эле аймакта суу үчүн согуш чыгышы мүмкүнбү? Каримовдун өлүмү жана Шавкат Мирзиёевдин бийликке келиши менен аймактагы абал толугу менен өзгөрдү. Шавкат Мирзиёевдин ички жана регионалдык саясаты көрсөткөндөй, талаш-тартыштар, зордук-зомбулуктар, санкциялар, жолдордун жабылышы жана чек араны казуу менен чечилбей турган маселелер достук-дипломатиялык жана өз ара түшүнүшүү менен бир-эки жылдын ичинде чечүүгө болот. Мирзиёевдин «достук саясатынын» беш жылдыгында Өзбекстан коңшуларынан ондогон эсе көп пайда ала баштабастан, өлкөнүн аймактагы таасири жана позициясы кыйла жогорулады. Өзбекстан Борбор Азиядагы лидерликке умтулган дымагы барган сайын реалдуу натыйжаларын көрстөтө баштады.
Буга бир эле мисал жетиштүү: Мирзиёев президент болгон беш жылдын ичинде Кыргызстан менен соода жүгүртүүсү 10 эседен ашык өстү. Соода жүгүртүү негизинен Өзбекстандын пайдасына. Анткени Өзбекстан сырьёну импорттойт жана даяр продукцияны экспорттойт. Кыргызстан тездик менен Өзбекстан өндүргөн товарлардын базарына айланууда.
Өзбекстан менен башка коңшу мамлекеттердин ортосундагы кызматташтыктын өнүгүшү бирдей темпте жана ошол эле формада уланып, жакшы коңшулук мамилелердин жана экономиканы тез индустриялаштыруунун акылман саясаты бул өлкөнү региондогу көптөгөн товарлардын негизги жеткирүүчүсү болууга шарт түзөт. Коңшу өлкөлөрдүн керектөөчүлөрү кааласа да, каалабаса дагы, жыл сайын Өзбекстандын экономикалык өнүгүүсүнө миллиарддаган долларларды жумшашат.
Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg