www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Украина Орусия менен нейтралдык макам боюнча сүйлөшүүгө даяр. Бул туурасында аталган өлкөнүн президенти Владимир Зеленскийдин кеңсесинен билдиришкендигин РИА Новости жазды.

Маалыматка ылайык, бирок Киевге коопсуздук кепилдиги керек экени кошо айтылган.

Буга чейин Украина башчысы Москва менен блоктон сырткаркы макамдан тарта бардык маселелерди талкуулоодон коркпой тургандыгын жар салган.

Эске салсак, 24-февралдын таңынан тарта Украина — Орусия мамилесиндеги кырдаал башкача өңүттө өнүгө баштады. Украина тараптан ЛЭР менен ДЭРге карата аткылоонун аягы үзүлбөй, аталган республикалардын жетекчилери РФ лидери Владимир Путинден жардам сураган. Мындан улам Путин эртең менен элине кайрылып, Донбасста аскердик атайын операция өткөрүү чечимин кабыл алгандыгын жарыя кылды. Ал эми Украина президенти Владимир Зеленский өлкөнүн бардык аймагына согуштук абал киргизилип жатканын билдирди.

Ал эми Путин буга чейинки сүйлөшүүлөр жыйынтык бербегендигин, Орусиянын НАТОну кеңейтпөө боюнча сүйлөшүү аракетинен майнап чыкпагандыгын билдирди. Андан сырткары, Путин орусиялыктарга жана украин аскерлерине кайрылып, Украинанын бийлигинин кылмыштуу буйруктарынан баш тартууга чакырган. Эгер кан төгүлүп кетсе жоопкерчилиги Украинаны башкарган режимде болорун белгилеген.

Чыңалган кырдаалдан бир күн өткөндөн кийин, 25-февралда Франциянын президенти Эммануэль Макрон Владимир Зеленскийдин өтүнүчү менен Орусия президенти Владимир Путинге чалган.

Ал "Зеленский аскердик иш-аракеттердин эртерээк бүтүшүн суранып, аны менен сүйлөшүү жүргүзүүнү өтүнгөнүн, Украина президенти РФ лидери Путин менен байланыша албагандыгын" айткан. Макрон бул сүйлөшүүдөн жыйынтык болбогонун кошумчалаган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости