www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Орусиянын Тышкы иштер министрлиги өз жарандарына чет өлкөлөргө сапар учурунда АКШга экстрадицияланып кетүү же кармалып калуу коркунучу бар экенин эскертти.
Бул тууралуу Орусиянын ТИМинин Адам укуктары боюнча көп тараптуу кызматташтык департаментинин директору Григорий Лукьянцев РИА Новости агенттигине берген маегинде айткан.
Анын айтымында, экстрадиция боюнча милдеттенмелер Европа Биримдигинин өлкөлөрүндө гана эмес, башка көптөгөн мамлекеттерде да бар. Ошондуктан чет өлкөгө чыккан жарандар мындай тобокелчиликтерди эске алышы керек.
Дипломат белгилегендей, Орусиянын ТИМи жарандарга кайсы өлкөгө баруу же барбоо керектигин чечпейт. Министрлик болгону АКШнын же Европанын бийликтери менен көйгөй жаралышы мүмкүн деп эсептеген адамдарга айрым өлкөлөргө барбоону сунуштай алат.
Орусиянын ТИМи тараткан маалыматка ылайык, АКШнын өтүнүчү менен Орусия жарандары кармалышы мүмкүн болгон жогорку тобокелдиктеги өлкөлөрдүн катарына Европанын көпчүлүк өлкөлөрү, Латын Америкасы мамлекеттери, ошондой эле Армения, Израиль, Мальдив аралдары, Түштүк Корея, Сингапур, Таиланд, Фиджи, Шри-Ланка, Либерия жана Марокко кирет.
Министрлик бул тизме АКШ менен экстрадиция тууралуу келишими бар бардык өлкөлөрдү толук камтыбай турганын да белгиледи.